www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 1-июнда Кыргызстандагы эң жаш ишкер, үй бүлөсүн гүл сатып тапкан кирешеси менен баккан Эрмектин гүлдөрүн шаар тургундары сатып алышат. Иш чара Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы жайгашкан “Бета Сторес-2” соода борборунун алдында болот. Сатып алуучулар алдын-ала гүл заказ кылып жатышат. Эрмектин кардарлары белгилүү ырчылар, коомдук ишмер, жаш активисттер келери күтүлүүдө.

Эрмек 7 жашта. 2 жыл мурда атасы каза болуп, апасы Москвага иш издеп кеткенине 7 ай болду. Ал акыркы жолу март айында телефон чалып паспортун жоготуп алганын кабарлаган боюнча байланышка чыга элек. Эрмек 1,5 жана 4 жаштагы бөбөктөрү менен тайнесинин колунда турат. Үйдө тайнесинин орулуу апасы дагы бар. Наристелерди жана орулуу апасын караган тайнеси шариктен гүл жасап, аны Эрмек көтөрүп алып сатат. Күнүмдүк кирешесин тамак-аш азыктарына жумшап, оор турмушту башынан кечиришүүдө. Мындай сыноолорго карабай Эрмек үй бүлөсүн майда ишкерчилик менен бакканы элди таасирлентип жатат. Эрмек тууралуу алгачкы маалыматты таратып, ага жардам берип жүргөн жаш активист Дайырбек Орунбеков кантип таанышып калганы тууралуу бизге айтып берди.

-“Мен ошол райондо жашайм. Келинчегим кичинекей баламды ойнотуп жүрүп гүл сатып жүргөн Эрмекти көрүп калган. Ал жердеги башка сатуучулар Эрмекти кубалап, гүлүн саттырбай жатканын көрүп, анын чоо жайын сураган. Мага анын аянычтуу жашоосу, үй бүлөсүн жалгыз багып жатканын айтты. Дароо эле издеп барып таап алдым. Мага гүл керек болбосо деле анын гүлдөрүн сатып алып жүрдүм. Өзү наристе болсо дагы үй бүлөсүн багып аткан Эрмек тууралуу жазып чыктым. Мага Кыргызстандын башка аймагынан, Россиядан дагы байланышка чыгып Эрмек тууралуу сурап, ага каражат салган боорукер адамдар болуп жатат. Буюрса, эртең кайдыгер эмес адамдар дагы колдоп кетет деп ишенип жатам. Мындан тышкары Кыргызстандагы чоң бизнесмендер эң жаш кесиптешин колдоп кол сунабы деген үмүттөмүн”,-дейт белгилүү журналист Дайырбек Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости