www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште “Бир бол” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов ушинтип айтты. Тагырагы, “Кечээ биздин фракциянын эки  депутатына кылмыш иши бузулганы боюнча ММКлар жазып чыгышты. Бул боюнча биздин эки депутаттын дагы маалыматы жок экен. Биз да уккан эмеспиз. Ошон үчүн биз парламентке Башкы прокурорду чакырып, эмне болгон кылмыш иши экенин уксак. Бу бир. Экинчиден, эки депутаттын кылмыш иши боюнча комиссия түзсөк” деп спикер Чыныбай Турсунбековго сунуш киргизди. Спикер болсо “фракциянын чечимин алып келсеңер карайлы”,- деди. Чечим бар, атүгүл даяр экендигин айтты Алтынбек Сулайманов. Спикер бу сунуш добушка коюлуп чечиле тургандыгын айтты.

Эскерте кетсек, кечээ башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаровго жана Игорь Чудиновго Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү, коррупцияга байланыштуу иш козголгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости