www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДПдан Сооронбай Жээнбеков президенттике талапкер болуп сунушталгандан бери эл жаӊы клан жөнүндө сөз кыла баштады. “Бакиевдердин кланы өкүм сүрдү эле, эми кезек бир тууган Жээнбековторго келди”, – деп жазып жатышат социалдык түйүндөрдө кыргызстандыктар. Ошто Жээнбековдордун кланы таасирлүү деп эсептелинет.

Сооронбай Жээнбековдун кичүү иниси – Асылбек Жээнбеков 2011-жылдан 2016-жылга чейин парламент төрагасы болду. Агасы Жусупбек Шарипов – КРнын Кувейттеги элчиси. Дагы бир агасы маркум Кантөрө Шарипов убагында Жалал-Абад шаарында Каржы институтунун ректору болуп турган. «Алардын үй-бүлөсү убагында криминалга аралашып, Кара-Суу базары, аткезчилик жана көмүскө бизнес түрлөрүнөн “көтөрүлгөн” деп айтууда түштүктөгү эл”, – деп жазат “Фейсбук” пайдалануучулардын бири.

Жээнбеков өлкө башына туруп калса, мамлекетти Жаныш жана башкалар сыяктуу анын ага-инилери башкарабы деп кыргызстандыктар тынчсызданууда. Сооронбай мырза тууралу эл жакшы, чынчыл, жемкорлукка аралашпаган адам деп айтат. Бирок президент боло албайт, себеби лидерлик сапаты жок (жергиликтүү жана ал аралык аренада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, башкаруу, талап кылуу, сунуштоо, чечим кабыл алуу, тобокелге салуу, анализдөө, алдын алуу), чыныгы президент мына ушул сапаттарга ээ болушу керек. «Биз каршыбыз, андан кандай президент чыкмак эле, эки сөздун башын кошо албайт.

КСДП шашылыш кадам жасады. Исаковду пиарлап жатышпады беле, ошону же Турсунбековду чыгарышса болмок. Түшүнүксүз…», – деп жазышат социалдык түйүндөрдө.

Жөнөкөй кыргызстандыктар Жээнбеков жөнүндө мынтип дагы жазышат: «Менин ал жөнүндө маалыматым жок. Анын бир нерсе жактырбагандай кебетеси жиндентет. Ошондуктан кечиргиле, бирок, жок». «Бул талапкерди көрсөткөндөн жапа чеккендердин баарына чын жүрөктөн кайгырам. Өлкөбүздүн лидерин шайлоо тарыхында бул аӊ-сезимдин жоготкондугубуздун орду толгус белгиси.

Прогрессивдүү, жоопкерчиликтүү, эффетивдүү жана үзүрлүү мамлекеттик башкарууга болгон үмүтүбүздү таш капты. Жаткан жери жайлуу болсун. Бейиштеги Искак Раззаков, Салижан Жигитов жана Дооронбек Садырбаевдер муну көрүп эл тагдырына кайгырып ыйлоодо». «Элибиз аны менен куруйт! Эч кандай өзгөрүү болбойт!Ошол эле адамдар калат!» «Бизге сабаттуу президент керек, ал эл аралык аренада эне тилинде да, расмий тилде да теӊ татыктуу сүйлө билгендей болсун». «Сокурсуӊарбы? Эч нерсе өзгөрбөйт, анын бизге эмне кереги бар? Биз башка темп менен өнүгүшүбүз керек! Анын үстүнө ал өтө сабатсыз». «Толугу менен ЖОК!!!» «Лидер бар, башкаруучу бар, ар түрдүү сапат керек. Президент лидери болушу керек, а премьер – башкаруучу. Лидердик сапаттын болушу ал башка суроо». «Адам жана адис катары жаман адам эмес. Бирок өлкө президенти катары – бир аз шек санайм». «Баарынан мурун ал талапкердин иш-аракетинин чыныгы жыйынтыгы болушу керек.

Бул экөө көптөн бери бийлик башында турганы менен өлкөдө башаламандык. Жооп бергилечи, экономикалык көрсөткүчтөр жакшырдыбы, жемкорлук азайдыбы, мамкарыз төмөндөдүбү? Албетте, жок. Анан булардын бизге кереги не, аларды кайтадан шайлоонун кажети барбы?

Чындан эле акылдуу, духу күчтүү, чыныгы патриоттор бар эмеспи. Ошондойду шайлабайлыбы анан». «Балким ал сабаттуудур, бирок ката сүйлөтй. Ага караганда Турсунбеков жакшы». «Биз каршыбыз, эмнеси президент эки сөздүн башын кошо албайт». «Ойлонуп не. Мотуевди президенттике, болду анан!» «Бүттү, Бабанов эми жеӊет». «Чарбачылык жөндөмдөн тышкары эл аралык аренада интеллект да керек. Премьер-министр болуп туруп бир да түзүк сунуш киргизген жок. Ал мыкты аткаруучу, тактап айтканда «талап кылуучу» – «Эй, иштебейсиӊерби», «Эй, жасабайсыӊарбы» дегенди жакшы билет.

А кантип жасаш керек, деги жасаш керекпи же жасоодон баш тартыш керекпи – аткара албайт». «Жээнбековдун кланы Бакиевдин кланындай, капыстан ал өлкө президенти болуп калса, өлкөнү Жаныш сыяктуу анын ага-инилери башкарат». Көз карандысыз журналист Айзатбек Бешов мындай дейт: «Жээнбековдон ири жана кескин өзгөрүүлөрдү күтүүгө болбойт, бул «либералдык кейптегилер» деп аталган коомдун бөлүгүндө басаӊкы маанай жаратты. Муну социалдык түйүндөрдөгү кызуу талкуудан да байкаса болот. Либералдар чөйрөсүндөгү басыӊкы маанайды көрүнүктүү десек да болот.

Жээнбековду сынга алгандар анын жаш курагын айтып, кызматкерлерге сөгүш айтуу ыкмасын мисалга келтирип, анын башкаруу укмасын светтик дешет». Ал эми кыргызстандыктардын көпчүлүгү КСДП Жээнбековдон башка да талапкерин сунуштайт деген ишенимде: «Мен бир топ альтернатива көрүп жатам. Жээнбеков менен Турсунбеков Түндүк менен Түштүктүн мыкты тандеми деген пикирге кошулам. Турсунбеков менимче президенттике көбүрөөк туура келет, ал ар түрдүү саясий күчтөрдүн башын бириктире алды. Башкалар парламентте төрага болуп турганда мушташуулар да болуп турчу.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости