www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең Бишкектин 3 конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Эртең, 24-сентябрда Бишкектин 3 конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Ак-Жар" жана "Ак-Бата" суу кампаларында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 24-сентябрда саат 09:00дөн 16:00гө чейин "Ак-Жар", "Ак-Бата" жана "Келечек" конуштарында таза суу убактылуу өчүрүлөт.

Ошондой эле №43 мектеп жана №21 муниципалдык аймактык башкармалыгында да ичүүчү суу токтотулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости