www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Шаирбек Маматокторов Ош шаарында болгон жаштар форумунда “партия парламентаризмди аягына чыгарып, элге өзү ээ болгон мамлекетти башкаруу укугун кайтарып берет” деди.

Талапкер Баш мыйзамдын 2010-жылдагы 8-редакциясында парламенттик башкарууга өткөн кеңешмесинде мүчө болгонун айтты.

“Ал Баш мыйзамдын дарегине жакшы жаман сын-пикирлер айтылып жүрөт. Мен ошол нерсеге жоопкер катары бир нече тарабын айта кетейин. Биздин Баш мыйзамды жакшылап изилдеп көрсөк, чынында бардык тараптан эл аралык стандарттарга төп келет. Болгону ал иштебей жатат. Жалпы 46 берене Баш мыйзамда адамдын укуктарына, эркиндиктерине багытталган. Кошуна өлкөлөрдү алсак, адам укутарына Казакстанда 30 берене, Өзбекстанда 34 гана берене берилген. Ал жагынан биздин Баш мыйзам алдыда. Бирок, тилекке каршы, аны иштете турган мыйзам чыгаруу жана мыйзам көзөмөлдөөчү эң жогорку мамлекеттик орган компетентсиз адамдардан куралып калды. Депутаттардын жөндөмсүздүгүнөн, мурдагы чакырылыштардын алсыздыгынан биздин Баш мыйзам иштебей, өз ордунда турат”, - деди Шаирбек Маматокторов.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадыровнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү.

Последние новости