www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 24-сентябрь күнү Бишкек шаарында "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси кыргыз тили боюнча онлайн тест өткөрөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская билдирди.

Маалыматка ылайык, онлайн тест Мамлекеттик тил күнүн утурлай (23-сентябрь) өткөрүлөт. Тест тапшырууга президенттин аппаратынын, Жогорку Кенештин, өкмөттүн аппаратынын, Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана бардык каалоочулар чакырылат.

Ошондой эле тестке Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин кызматкерлеринин онлайн катышуусу каралган.

Мекеменин маалыматы боюнча, мамлекеттик тил боюнча тестте лексикалык нормаларды жана грамматикалык эрежелерди иш жүзүндө колдоно алуу, маалыматты угуп жана окуп түшүнө билүү, оюн оозеки жана жазуу жүзүндө билдире алуу жөндөмдөрү бааланат. Ошондой эле тестти ийгиликтүү тапшырган катышуучуларга тиешелүү деңгээлдеги Сертификат берилет.

Ал эми иш-чаранын жүрүшүн "Кыргызтесттин" сайтынан онлайн режиминде көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, онлайн тест эртең К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында саат 9:00дөн кечки саат 17:00гө чейин.

Өткөрүү убактысы: саат 9:00дөн 17:00гө чейин

Байланыш телефондору: 0(312)886917, 0(550)551214

Булак: NazarNews.kg

Последние новости