www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 100 орунду заманбап бала бакча ачылды

Бүгүн Ош шаарынын Амир-Темур аймактык башкармалыгында 100 орундуу заманбап балдар бакчасы колдонууга берилди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүүнүн ардагерлери, шаар тургундары катышканы айтылат.

Шаар башчысы балдардын келечеги үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында калаада жылына кеминде үчтөн бала бакча курула тургандыгын белгиледи.

"Быйыл беш бала бакчанын курулушу жүрүп жатат, жыл аягына чейин баарын тапшыруу пландаштырылган. Бүгүн жаңы ачылган "Ак-Кеме" балдар бакчасы интерактивдүү доска менен камсыздалды. Ошондой эле ата-энелер балдарын үйүндө отуруп видео байкоо аркылуу көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", — деди Сарыбашов.

"Ак-Кеме" балдар бакчасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулганы маалымдалды.

В микрорайоне Амир-Темур в Оше открылся современный детский сад на 100 мест. 23 сентября 2020 годаВ микрорайоне Амир-Темур в Оше открылся современный детский сад на 100 мест. 23 сентября 2020 годаВ микрорайоне Амир-Темур в Оше открылся современный детский сад на 100 мест. 23 сентября 2020 года

Булак: NazarNews.kg

Последние новости