www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең эле жаз келет

Туурасын айтканда айыл чарба министрлиги жакшы кадрга жарыбай калды. Дайыма эле бир партиянын көлөкөсүндө калган кадрларды ушул орунга түрткүлөп отургуза берүүдөн майнап чыкпасына көз жетти. Башында Т. Беков келди “Республиканын” амири менен. Бирок, кыска убакытта учуп түштү. Ч. Узакбаевди болсо кулкуну кургабайт экен деп шылып жиберишти. Андан кийинки Т. Айдаралиев дагын үрөндөн башканы билбесин айгинеледи. Болгону беш кишисин кызматка орноштурууга жетишти. Азыркыбыз деле анчейин эмес болуп турат.

Эгерде ушинтип эле айыл чарбасын эрмектей берсек аягы жакшы бүтпөстүр? Ажонун “Аймактарды өнүктүрүү” жылы деп белгилегени бекерден эместир? Анткени элеттеги жашоонун сырын билгендиктен ушундай кадамдардан баштады ишин. Демек, өтө көйгөйлүү жактары арбын тармакты иштин жайын билген, кыска аралыкта реформаны жасоого эптүү жетекчинин колуна тапшыруу кажет. Бул орун баланча фракцияга тийиштүү ошолор чечсин деген келечеги жок оюндарды токтотууга убакыт келди. Өкмөт башчы так ушул талылуу жердин маселесин аягына чыгарышы учурдун өктөм талабы.

Булак: "Ачык сөз"

 

Последние новости