www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор болуп саналат, бирок азыркы учурда бул милдетин натыйжалуу аткара албай жатат», - деп билдирди бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

“Коррупцияны алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, ведомстволук гана кызыкчылктар корголууда. Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр көп” деди президент.

Мамлекет башчы ошондой эле “2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзүп, анын 8% боюнча гана кылмыш иш козголгон. Козголгон иштердин 50% гана сотко өткөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6% боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмү чыккан, анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган” деген статистиканы келтирди.

Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости