www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизүүнүн негизги шарты биометрикалык каттоодон милдеттүү түрдө өтүү болуп саналат. Бул тууралуу Мамлекеттикк каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, калкка биометрикалык каттоону тапшыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, республика боюнча калкты тейлөө борборлорунун иш убактысы узартылган.

14-сентябрдан 19-сентябрга чейин калкты тейлөө борборлору жарандардын биометрикалык маалыматтарын саат 20:00гө чейин кабыл алат. Калган кызматтар мурунку иш графиги боюнча – 9:00дөн 18:00гө чейин көрсөтүлөт.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн калкты тейлөө борборлорунун даректери:

Бишкек шаары:  Бишкек ш., Нуркамал к. 29., Чолпон-Ата к., 2б,  Жаш Гвардия 4, Ауэзов к. 1/5, “Фрунзе” Садырбаев көчөсү 107 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет), Т.Молдо 21 (Фрунзе көчөсү менен кесилишет).

Чүй облусу: Шопоков ш., Машиностроительная к. 1

Ысык-Көл облусу: Каракол ш. Гебзе к. 124

Нарын облусу: Нарын ш. Токтосунов к. 24.

Талас облусу: Талас ш. Дзержинский к. 28,

Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад ш. Барпы Сейил 220, Базар-Коргон ш. Курбанов к. 1

Ош облусу:  Ош ш. Ленин к 318,  Ош ш. Раззаков к. 2, Өзгөн р. Ленин к. 115

Баткен облусу: Баткен ш. Мурат Салихов к 41, Кызыл-Кыя ш. Маяковский к. 3.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости