www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш коронавирустун жайылышы көзөмөлдөн чыгып баратканын, пандемия глобалдык коопсуздук үчүн «№1 коркунуч» экенин айтты. Бул тууралуу баш катчы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы жыйынын утурлай кабарлады.

Маалыматка ылайк, дүйнөлүк уюм күз келгенде дүйнөдө COVID-19 вирусун «жайылышын» факт катары карайт. Гутерриштин пикиринде, вирусту ооздуктоо көзөмөлдөн чыгып кетти. Жакында бул илдеттен өлгөндөр дүйнөдө миллион адамдан ашат деген эсеп бар.

БУУнун баш катчысы «Associated Press» агенттигине «вирус – глобалдык коопсуздук үчүн №1 коркунуч» деп айтты.

Ошондой эле Гутерриш COVID-19 илдетине каршы вакцина «дүйнө калкынын баарына тең жеткидей» болушу керек экенин белгилеп, ал үчүн «каржылоодо чукул секирик» жасоо зарыл болорун эске салды. Баш катчынын сөзүнө караганда, эмки жылы планетанын калкын вакцина менен тегиз камсыз кылыш үчүн 35 миллиард доллар зарыл.

Бирок, Гутерриштин оюнда, вакцина пандемиядан улам пайда болгон кризисти жөнгө сала албайт.

17-сентябрда коронавирустун глобалдык көрсөткүчү 30 миллион кишиден ашты. Жума күнгө карай пандемия дүйнөдө 945 миңден ашык кишинин өмүрүн алды.

Белгилеп кетсек, дүйнөлүк алкакта коронавируска чалдыккандардын эң көбү АКШда (6,664,021), андан кийин Индия турат (5,118,253), үчүнчү орунда Бразилия (4,419,083) келатат. Европада коронавирус пандемиясы башталгандан бери төрт миллион 900 миңге жакын киши ооруду, 226 миңден ашуун адам көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости