www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык окумуштуулар тарабынан жасалган жаңы изилдөөгө ылайык дайыма көз айнек колдонгон адамдар коронавирусту башкаларга салыштырмалуу 5 эсе аз жуктурушат.

Изилдөөчүлөр медицина кызматкерлеринин эмне себептен көз айнек тагынууга милдеттүү экендигине байланышкан далилдерди ортого коюшту.

JAMA Ophthalmology'ге жарыяланган изилдөөнү жүзөгө ашыруу үчүн изилдөөчү топ 27-январдан тартып 13-мартка чейинки убак аралыгында вирус жуктуруп алган 30 көз айнекчен бейтапка анализ жасады.

Алысты жакшы көрө албаган 16 бейтаптын күнүнө 8 сааттан ашык көз айнек тагынаары билинди. Муну менен катар изилдөөчүлөр, Хубей провинциясындагы жашы 7-22 болгон окуучуларга карата 10-20 жыл мурда жасалган изилдөөлөрдү талдап чыкты. Натыйжада, өспүрүм курак жана орто жаштардагы адамдардын 31,5% миопиядан (алысты жакшы көрө албоо) улам көз айнек тагынаары белгилүү болду.

Андан соң, көз айнек тагып жүргөндөрдүн башкаларга салыштырмалуу вирусту 5,4 эсе аз жуктураарын эсептеп чыгышты.

Изилдөөчү топтун мүчөлөрү: “Вирус жуктургандардын арасында көз айнекчен бейтаптардын аз болушу, бул ачылышты жасоого себеп болду. Бул деген алардын вирусту башкаларга салыштырмалуу азыраак жуктураарынын далили боло алат”, - деп билдирди. Муну менен катар, көз айнек адамдардын көзүн кармалаганга тоскоол болуп, вирустан сактаарын кошумчалады.

Мурда жасалган изилдөөлөр, көздөрдүн вирусту денеге жабышуусун шарттаган ACE-2 ферменттерин пайда кылаарын ортого койгон. Окумуштуулар коронавирустун көздүн тегерегинде эле эмес, көз жашта дагы боло тургандыгын айтышкан.

Буга кошумча жаңы изилдөөнү жүргүзгөн окумуштуулар көздөрдүн, коронавирусту денеге өткөрүүчү маанилүү канал болуп саналаарын белгилешти. Ошол себептүү коомдук чөйрөдө көз айнек тагынып жүрүү, адамдарды вирустан коргоп, вирусту жугузуп алуу коркунучун азайта алаары билинди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости