www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Шумкар” атайын багыттагы полкунун кинологиялык борбору кылмыштуулук менен күрөшүүгө өз салымдарын кошууну улантууда. Бул туурасынада ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун кинологиялык борбору кылмыштуулук менен күрөшүүгө өз салымдарын кошууну улантып, ар кандай кылмыштардын бетин ачууга көмөктөшүп, укуктук тартипти камсыздоого дагы тартылууда.

Заманбап шартта, атайын техникалык каражаттардын өнүгүшү менен анын пайдаланышына карабай, ИИМдин түзүмдүк бөлүктөрү күнүмдүк ишмердүүлүктө кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн кинологдор кызматтык иттери менен кеңири колдонулат. Кызматтык иттер мурдагыдай эле курал-жарактарды, баңгизаттарды табуу үчүн мыкты каражат жана оор кылмыштардын бетин ачууга шарт түзөт. Кинологиялык борбор ыкчам бөлүк болуп эсептелип, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун курамына кирет.

Ички иштер органдарынын кызматтык ишмердүүлүгүндө кинолог адистерин пайдалануу боюнча ыкчам-кызматтык иш-чараларды уюштурууну жана түздөн-түз катышууну камсыздайт. Кинологиялык кызматтын негизги тапшырмаларына кылмыштарды ачуу жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-иликтөөгө, алдын алуу иш-чараларына, кылмышкерлерди издөө жана кармоого, баңги каражаттарын, жарылуучу заттарды, куралдарды, окторду табууга, кылмышкерлердин жашынууга мүмкүн болгон жерлерин кароого, далил болуучу буюмдарды табууга жигердүү катышуу кирет.

Азыркы учурда ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун кинология борборун милициянын полковниги Сергей Брюзгин жетектейт. Анын сөзү боюнча кинологиялык окуу борборунда кызматтык иттердин саламаттыгына мал доктур адистери көзөмөл жүргүзүп келет. Кызмат үчүн иттерди тандап алуудан мурда, аларды белгиленген критерийлер боюнча сынашат. Күн сайын кинологдор өздөрүнүн кызматтык иттери менен машыгууларды өткөрүп, жалпы машыктыруу курсун үйрөнүшөт. Андан соң издөө, кармоо жөндөмдөрүн талап кылган ишке үйрөтүшөт. ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун кинология борборунун кинолог-адистери ар убак коомдук-саясий, маданий-массалык, спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти камсыздоого тартылышат. 2017-жылдан баштап азыркы учурга чейин кинологиялык борбордун кызматкерлери ысык-суукка карабастан бир катар кылмыштардын бетин ачууга шарт түзүшкөн.

ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун кинология борборунун маалыматы боюнча акыркы үч жыл ичинде кинологдор Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында жүргүзүлгөн тергөө жана издөө иш-чараларына катышкан. Кызматтык итттердин жардамы менен көп салмактагы баңгизаттар, уурдалган зергер буюмдар, акча каражаттар, куралдар табылып алынган. Баңгизаттарга байланышткан бир катар издөө иш-чаралары кинологиялык кызматтык катышуусу менен жүргүзүлгөн. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан ири кылмыштын бетинин ачылышы 2017-жылы март айында болгон. Кинолог-адис өзүнүн кызматтык ити менен Бишкек шаары боюнча издөө иштерине барып, ал жактан 6 килограмм 640 граммдан ашык баңгизаты табылган. 2018-жылдын февралында Бишкек шаарынын ИИББдин ыкчам-тергөө тобунун курамында кинолог өзүнүн кызматтык ити менен кошо окуя болгон жерге барышып, кылмыштын бетинин ачылышына жардам берген. Кылмышкерлер шаардын тургунунун батирине киришип, акча каражаттарын, зергер жасалгаларын, уурдап кетишип, маанилүү өлчөмдө чыгым келтиришкен.

2018-жылдын август айында уурулук фактысы боюнча кинологдор ыкчам тергөө тобу менен чыгышып, кылмыштын ачылышына көмөк көрсөтүшкөн. Ал жакта кылмышкерлер кеңсеге кирип, 200 000 сом жана 3600 АКШ доллары салынган сейфти уурдап кетишкен. 2017-жылдын ноябрь айында кызматтык итти пайдалануу менен Бишкек шаарында жасалган башка кылмыш ишинин бети ачылган. Ушул күнү белгисиз адамдар батирге кирип, темир сейфти талкалашып, ичинен “ТОЗ-34” үлгүсүндөгү ок атуучу куралды, газ тапанчасын, 120 000 сомду, зергер жасалгаларын уурдап кетишкен. Жабырлануучуга 245 миң өлчөмүндөгү материалдык чыгым келтирилген. Ар кандай атайын операцияларды жүргүзүү учурунда ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун кинология борборунун кызматтык иттеринин катарынан жоготуулар боло элек. Кинологиялык борбордун мурдагы кызматкерлери мындай окуя 80-жылдардын аягында болгондугун, кызматтык ит кылмышкерди кармоо жана барымтага алынган адамды бошотуу учурунда курман болгондугун айтышат. Кылмышкер итти оор жарадар кылган. Азыркы учурда ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун кинология борборунун кызматкерлери кызмат өтөөлөрүн улантып жатышат. Кылмыш болгон жерге барышат, баңгизаттарды жана башка фактылар боюнча издөөнү улантууда. Кинологдун иши өтө жоопкерчиликтүү, татаал жана коркунучтуу, ал эми кызматтык ит ал үчүн эң ишенимдүү дос экендигин айткыбыз келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости