www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилде кайрадан жалпы улуттук карантин киргизилди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Аталган өлкөгө үч жумалык чектөө киргизилип, бул мөөнөт узартылышы дагы мүмкүн. Карантинге байланыштуу еврейлер күзгү Рош ха-Шана (18-сентябрда башталат) жана Симхат-тора (9-октябрь) майрамдарын белгилешпейт.

Алгач элге үйүнөн 500 метр алыс чыгууга тыюу салуу пландалган, бирок кийин бир чакырымга чейин узартылды. Эл ушул дистанцияны сактоо менен сейил бактарга, балдар аянтчасына жана сыйынуучу жайларга бара алышат.

Үйдөн бир чакырымдан алыс кетүүгө төмөнкү учурларда гана уруксат берилет: жумушка барганда, азык-түлүк менен дары-дармек алууга чыкканда, адамдарга биринчи жардам көрсөтүү керек болгондо, сотко жана донордук пунктуларга барганда. Бул тизмеге каршылык акциялары дагы кирет.

Үй-бүлөгө спорт менен машыгууга уруксат, бирок машыгуу жайларына барууга болбойт. Ал эми атайын мелдештердин катышуучулары спорт залдарга бара алышат.

Ошол эле учурда конокко барууга, пляжда эс алууга, жабык имараттарда 10дон ашык, ачык аянттарда 20дан ашык адамдын топтошуусуна тыюу салынат. Коомдук транспорт менен ишканалардын иши чектелет. Билим берүү жана көңүл ачуучу жайлар, кафе, ресторандар, спорт клубдар, соода борборлор менен сулуулук салондору жабылат.

Карантиндин сакталышын миңдеген полиция кызматкери көзөмөлдөйт. Алар негизинен түшүндүрүү иштери менен алектенишет, бирок тил укпагандарга айып салынат.

Бет кап кийбегендерге 500 шекель (11 сомдой), үйүнөн бир чакырым алыс кеткендерге 1000 шекель айып каралган.

Карантинди кайталап киргизүү себебин премьер-министр Биньямин Нетаньяху төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Премьер-министр катары менин милдетим — силердин ден соолугуңарга гана эмес, өмүрүңөргө дагы кам көрүү. Бул илдетти ооруканаларга кошумча койкаларды коюу же тийиштүү аппараттарды алуу менен жеңүү мүмкүн эмес экен. Оору жуктургандардын саны көбөйүп кетсе, дарыгерлер элдин өмүрүн сактаганга жетишпей калып жатат", — деди ал.

Премьер-министр карантин учурунда ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости