www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 8 ай аралыгында 240 мамлекеттик чек араны бузуучу, ошондой эле 40тан ашуун чек ара режимин бузуучулар катталды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын январынан августка чейин чек арачылар 4 даана курал-жарак жана 80ден ашуун ок-дары, ошондой эле кызмат өтөө учурунда курал-жарак катылган жай табышканы айтылат.
"Үстүбүздөгү жылдын 8 ай аралыгында жалпы суммасы 40 миллион сомдон ашуун болгон аткезчилик жүктүн алынып өтүшүнө бөгөт коюлган.
5 390 000ден ашык адам жана 501 000ден ашуун автотранспорт каражаты көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өткөн. Туура эмес документтери менен 1 миң 082 адам кармалган. Алсак, “Чоң-Капка-автожол” КӨЖнан Кыргыз өлкөсүнөн чыгып бара жатканда Казакстандын эки жараны туура эмес документтери менен кармалышкан.
Аларды дыкат текшерүүдөн өткөрүү учурунда жанынан 3 миллион сомдон ашуун акча каражаты табылып, алар кайдан алынганын түшүндүрүп бере алышкан эмес.
Мындан тышкары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде Баткен чек ара отрядынын чек арачылары Кызыл-Кыяк капчыгайында Кыргызстандан Өзбекстанга 13 тоннадан ашык цементти өткөрүү жайынан тышкары жерден мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган, ошону менен бирге чек ара кезметине каршылык көрсөткөн Кыргыз өлкөсүнүн жаранын кармашкан", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg