www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Ички иштер министрлигинин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмыштуулугу үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ыдайык, 2020-жылдын сентябрь айынын ортосунда КР ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгын ыкчам кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаранды кармашкан.

"КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны болгон 1970-жылы туулган Б.Ш., Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 296 жана 286-беренелери боюнча баңги кылмыштуулугу үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн"-деп айтылат билдирүүдө.

ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгы издөөдө жүргөн жаран Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жашынып жүргөнүнүн кошумчалады.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости