www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдөгү “Дордой” ири соода базары 23-марттан тарта белгисиз мөөнөткө чейин, тагыраагы, эпидемиологиялык абал жакшырганча жабылмай болду. Бул тууралуу ЖМКларга “Дордой” базарынын профсоюзунун жетекчиси Дамира Дөлөталиева билдирди.
Анын айтымына караганда, учурда соода-сатык дээрлик токтоп калды. Көпчүлүк точкалар бир жума мурда эле жабылып калган. Калган соодагерлер ушул дем алыш күндөрү товарларын алып кетүүлөрү керек. Андан соң рыноктун аймагын дезинфекциялоо пландалып жатат.
“Кечээ өкмөткө барганбыз. Бардык маселелерди талкууладык. Учурда коммерциялык банктар сатуучуларга кредиттин төлөө мөөнөтүн жылдырып беришти. Салык кызматы менен дагы сүйлөшүп койдук. Мындан улам базар жабылып турган кезде соодагерлер патент албай эле койсо болот. Кийинчерээк “Дордойдун” аймагындагы бардык рыноктордун директорлору чогулду. Натыйжада сатуучулар ижара акысын убактылуу төлөбөй турган болушту”, - деди Дөлөталиева.
Булак: NazarNews.kg