www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун губернатору Нурболот Мирзахмедовдун облуста дагы төрт адамдан коронавирус аныкталды деген маалыматын Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб четке какты. 

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров дагы бул тууралуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында облус башчысы ооруга шек саналгандар жөнүндө туура маалымат берип алышы мүмкүн.

“Балким, облустун өкүлү ооруга шек саналгандар жөнүндө маалымат берип алды көрүнөт. Ал саламатыкты сактоо кызматкери эмес. Бул ооруну аныктоонун өз тартиби бар. Анын негизинде гана аныкталган соң жарыяланат”,-деди Мадумаров. 
Белгилей кетсек, Нурболот Мирзахмедов бүгүн жүрналисттерге маалымат берип жатып, Сузак районунун Ырыс айылынан төрт адам коронавируска чалдыкканын кабарлаган. 

“Урматту Жалал-Абад облусунун тургундары, мына дагы беш адамдан сырткары дагы төрт адам кошулду. Азыр лаборатория жыйынтыгын берди. Булар Ырыс айылынан кошулуп жатат. Эң жашы жети жашар бала. Булардын баары контакттагылар. Умрага барбагандар. Дагы төрт адамдын анализи чыкты. Азыр төрт адамды тең алып барып, жаткырабыз. Эң кичүүсү ошондо жети жаштагы бала ооруга чалдыкты. Азыр Жарандык коргонуу комиссиясы чакыртылды. 15 мүнөт же жарым сааттын ичинде кырдаалды карап туруп, облус боюнча кырдаал киргизүү. Ошол эле кезде облустук ЧПК дагы чакыртылды. Ал менен кайсы жерлерге чектөө киргизебиз. Кайсы айылдарга такыр адам кирбейт, чыкпайт, мындайча айтканда чектөөлөрдү алабыз. Жарым саттын ичинде чечим кабыл алабыз. Себеби, токтобостон көбөйө баштады, контактка баргандар да көп. Көчөдөгү элдерди дагы бир жолу барыңыздар ичкери кириңиздер деп суранып кетем. Буга чейин маалымат берип кеткендей, 60 адам обсервацияда жатат. Аладын да коркунучу бар, алар тыкат көзөмөлдө. Сузак районунда төрт айыл өкмөттө катталып жатат. Алардын калкынын саны өтө чоң. Сузак айыл өкмөтүндө 40 миңге жакын, Ырыс айыл өкмөтүндө 38 миңге жакын, Атабеков айыл өкмөтүндө 8-10 миңге жакын калк жашайт.  Орто эсеп менен 150 миңге жакын калк жашаган аймактарда оорулар катталды”,-деп Нурболот Мирзахмедов билдирген. 

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, расмий түрдө өлкө аймагында 14 адам коронавирус жүгүзүп алганы аныкталды. Алардын ичинен 8 адам Сузак районунан, үчөө Ноокат районунан, бир адам Баткен облусунун тургуну, бир адам “Манас” аэропортуна жакын жерде жайгашкан обсервацияга алынган жаран, бир адам “Ак кеме” мейманканасындагы карантинге алынган жаран.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости