www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Туз айылындагы эски көрүстөндүн үстүнө салынган делген Сайнап Жунушаалы кызы атындагы орто мектебинин курулуш каражаттары текшерилип, андагы эс-учун жоготуп жыгылып жаткан окуучулардын анализи чыкты.

Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, аталган мектептин имаратында жагымсыз жыт пайда болуп, окуучулардын айрымдары баш оорудан эсин жоготуп жыгылган учурлар катталган. Мындан улам мугалимдер тиешелүү органдарга мектептеги жагдай тууралуу арыз жазышкан. Мектеп 2005-2006-жылдары Корея мамлекети тарабынан жардам иретинде 250 балага ылайыкталып курулган. Мугалимдердин айтымында, имаратты тез салып бүтүрүүчү атайын курулуш каражаттары пайдаланылып, кышкысын от жакканда жылытуучу полдон башты оорутуучу жыт чыгышы мүмкүн.
Жергиликтүү бийликтин тапшырмасы менен эс-учун жоготуп жыгылган окуучуларды медициналык кароодон өткөргөндө, алардын экөөсү аз кандуулук, бирөө тубаса жүрөк оорусу менен, бир окуучу аллергиялык мүнөздөгү бронхит, 3 окуучу аллергиялык коньюктивит менен жабыркай тургандыгы аныкталган. Ал эми мектептин курулуш материалдарын текшерүүнүн жыйынтыгында таза экендиги боюнча жооп келген. Мындай жоопко канааттанбаган Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тиешелүү эксперттер жеринде текшерсин деп талап кылып, кайрылуу жолдошту.
Учурда мектепте абал тынч, билим берүү улантылып жатат, - деп жазат Турмуш басылмасы.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости