www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Аскар байке, саламатсызбы! Эл көзүнөн  оолак кеттиңиз, эмне иштер менен алексиз?

- Саламатчылык! Эмне иш менен алек болоюн, “Аскар Салымбеков” атындагы фонддун иштери менен алекмин. Азыр жаштар менен тыгыз иш алып барып, келечек муун үчүн жакшылып пландардын үстүндө иштеп жатабыз.

- Баягы Камчыбек Жолдошбаев деген неме маек берип дагы Сизге кашыныптыр го...

- Ал мезгил-мезгил менен мени жамандап турбаса мээсине күч келип кетет. Мындан 3 жыл мурун кайсы бир гезитке мени жамандап, анан сотко бергем. Жыйынтыгында соттон утулуп, келип кечирим сурап кетишти эле, эми кайра баштаган турбайбы.

- Бере турган жообуңуз бардыр?

- Эмне деп жооп бермек элем. Атын дагы атагым келбейт ошонун, анын анын айткандарынын баары жалган, ушак. Куранда дагы айтылат эмеспи, “мусулман тууралуу ушак таратуу бир тууганын этин жегенге барабар”, - деп. Анын ушагына маани да берген жокмун. Менин ким экендигимди, анын ким экенин эл жакшы билет. Баарын Кудайга койдум. Башка комментарийим жок!

Аман Иманалиев

Булак: Де - факто

 

Последние новости