www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапар Ормонов Ошко мэр болобу?

2010-жылы апрель ыңкылабы Кыргызстандагы саясый айдыңга жаңы генерациядагы бир топ жаш саясатчыларды алып чыкты. Алардын бири – бүгүнкү күндө Ош шаардык кеңешин башкарып жаткан Жапар Ормонов.

Чарбачылдыгы, иш билгилиги, коомдук проблемаларды чечүүгө дилгирлиги менен көзгө көрүнгөн карапайым, айылдык жигит 2011-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланып, чоң саясаттын босогосун аттаган эле.

Андан көп өтпөй эле шаардык парламенттеги башкаруучу коалициянын ишенимине татып, Ош шаарынын вице-мэрлик кызматына сунушталган болчу. Ары татаал, ары жооптуу бул милдетти Жапар мырза абийирдүүлүк менен аткарды. Кийинки шайлоодо анын кайрадан КСДПдан Ош шаардык Кеңешинин депутаты болуп, анана шаардык кеңештин төрагалыгына келгени эч кандай ички ыйкы-тыйкылыктарга жол бербей, депутаттардын ынтымак, биримдигин чыңдап, шаардык кеңештин бүт ишмердигин Ош шаарынын социалдык-экономикалык проблемаларын чечүүгө, шаардыктардын турмушун жакшыртууга бура алды.

Ушинтип жөнөкөй жарандар арасында да, шаардык элита ичинде да жетишээрлик кадыр-баркка ээ болгон Жапар Ормонов бүгүн КСДПнын түштүк регионундагы көзгө басар кадрларынын бирине айланып отурат.

Өткөн президенттик шайлоодо анын Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын жетектегени да бекеринен болбосо керек.

Булак: "Фабула"

Последние новости