www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эсен Арзиев Ош шаарында өткөн форум учурунда көп кабаттуу үйлөрдү ипотекага пайызсыз берсе боло турганын айтты.

“2016-жылы “Бир Бол” партиясынан Ош шаарына депутат болуп келгенде шаарда 500гө жакын батир ипотекага берилген. Ал 12% чен менен 8 жылдык мөөнөткө тапшырылган. Шаардык кеңештин депутаттары талашып-тартышып отуруп, 6% чен менен жылдык мөөнөтүн 12 жыл деп өзгөрткөнбүз. Былтыр декабрда 0%га түшүрүү тууралуу сунуш киргизгенбиз”, - деди Эсен Арзиев. 

Айтымында, ошол маалда үйлөрдүн өздүк баасы 350 долларга бүткөрүлүп,  шаар тургундарына 450 долларага бааланып өткөрүлгөн.

“Мында ишкана жоготууга учурабайт. 0% деген сунушту айрым кесиптештер колдобой, акыры 4%га түшүрдүк. Негизи турак-жай менен камсыздоону республикалык масштабда ишке ашырса болот. Буга мамлекеттен көп каражат деле талап кылынбайт. Көп кабаттуу үйлөрдү ипотекага пайызсыз берсек болот. “Бир болчулардын” багыттарынын бири ушул. Бизге ишенип добуш бериңиздер”, - деди талапкер.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадыровнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү.

Последние новости