www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан адашып калган кыз табылды. Бул тууралуу мекеменин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 22-сентябрда болжол менен саат 23:30 чамасында  Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Ак-өргө конушунда  кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда  С.Ч аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда 2000-жылы туулган Э.С аттуу  кыз ошо эле күнү саат 19:30 чамасында  үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Ал айылдан  келип, шаарды жакшы билбей адашып жүргөн болушу мүмкүн экендиги аныкталган. 

Мунун негизинде Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракетин жүргүзүп, көп узабай Гагарин жана Кырк-кыз көчөлөрүнүн кесилишинен адашып жүргөн кызды таап жакын туугандарына сак саламат өткөрүп беришти.

Белгилей кетсек, адашып жүргөн кыздын жакын туугандары Милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости