www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кез эле шайлоо жакындап калган. Бир партия добуш сатып алаарын кулагым чалган. Анан алардын штабына баргам.
Чындыгында, мен түркөй адамдардын биримин добуш берүүнү билбеген. Өзүмдүн кайдыгерлигимден улам мурда бир да жолу шайлоо участогуна кирбегем.
-Паспортуңуз менен келдиңизби? - дешти штабдагылар менин максатымды билген соң, эшикти ичинен илген соң.
-Эмне, паспортсуз добуш берсе болбойбу? Башка вариантын деле ойлойлу. Фамилиямды айтайын, каттай саласыңар. Баса, бир добушту канчага аласыңар?
-1000 сомго...
-1000 сомго?.. О-уу, бул акча иттей чоң го! Дароо бересиңерби колго? Атайы даярданып, курсагымды толтуруп келгем. Добуш жолдон чыгып кетпесин деп машинага кыймылдабай олтуруп келгем.
-Биз турабыз сизди түшүнө албай. Сиз добушту айтып жатасыз кандай?
-Мындай... Азырынча силерге бир добушту бекер эле тартуулай турайын. Кийинкилерин акчага "урайын".
"Бир жеримен" тигилерди көздөй "тарс" эттире "добуш" чыгарып жибердим эле, алар дароо мурундарын басышты. Бир-экөө чуркап барып, терезени ачышты. Калганы сыртка чыга качышты.
Албетте, өздөрүн эсептеген талапкерлерге тап-таза, бул менден ороюраак такмаза. Ананчы, оозуңар ачылат ар партия өз программасын мактаса. Мага окшоп добуш бергиле, эгер алар жакпаса.
Булак: NazarNews.kg