www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

К.Р президенти С. Ш. Жээнбековго, БШК төрайымы Н. К. Шайлдабековага, Ген.Прокурор Ө. А. Жамшитовко ачык кайрылуу!          

Биз, Алай айыл өкмөтүнүн жалпы тургундары акыркы убакта интернет айдыңында экс-спикер Ахматбек Келдибековго жалданма фейктердин атынан "Алай эли Келдибековду кабыл албай койду" деген жалган маалыматтын тарап жатканына байланыштуу ачык тынчсыздануубузду билдиребиз!

Башка кандидаттардай эле Ахматбек Келдибековдун дагы шайлоочулар менен жолугушууга толук укуктуу экенин эске алып, саясий оппоненттерге соц.тармак аркылуу жөнү жок каралоону, Келдибековдун жеке абийирине, Алай элинин ар намысына шек келтирүүчү маалыматтарды таратпоосун катуу эскертебиз! Жолугушуу учурунда шайлоочулар менен болгон баарлашууга саясий боек берип, ыплас технологияны колдонуу менен Келдибековдун жана "Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы үгүт компаниясына тоскоолдук жаратууга болгон аракеттердин токтотулуусун талап кылабыз!

Ар намысты бийик туткан Алай элин бөлүп жарып,  Келдибековду каралоо менен упай топтойбуз деген саясий күчтөрдүн максаты ишке ашпай турганын ачык билдиребиз! Президенттен, БШК төрайымынан жана Ген прокурордон Келдибековду каралоо, элге жаман көрсөтүү аркылуу Элдин ынтымагын ыдыратууну көздөгөн фейктерди көзөмөлгө алууну, аларды каржылап жаткан саясий партияларга эскертүү берилүүсүн талап кылабыз!!! Эгерде элдин талабына кош көңүл мамиле болуп, каралоо токтотулбаса, Биз, Алай эли, өзүбүздүн элибиздин биримдигин жана ар намысын, эл уулу Ахматбек Келдибековдун абийирин мыйзам уруксат берген ар кандай жолдор менен коргоп алууга даяр экенибизди билдиребиз!

Мухаммед Сеитматов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости