Эми араң союздук деңгээлге жете баштадыкпы?
Кыска-нуска  |   |  1204

СССР кезинде Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздоруна жылына союздан орточо 6,5 млрд. рубль дотация кайтарылгыс акча жана каражат берилип турчу. Ал эми 1992-жыл эгемен Кыргызстан көрсөткөндөй, республиканын бюджетинин кирешеси 2,1 млрд. рубль экен, башкача айтканда союздун биздин колхоз-совхоздорго берип турчу дотациясы өзүбүздүн жалпы кирешебизден үч эсе көп болгон. Эми элестетели, эгер бизде агрардык реформа болбогондо, анда азыр өкмөтүбүз айыл чарбасына жылына 450 млрд. сом дотация берип туруш керек эле! 2020-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 148 млрд. сом. Учурда кыргыздын эркин дыйкандары бир сом дотация албайт эмеспи! Экинчи мисал. 90-жылдары бир баш койдун базар баасы орточо бир миң рубль, ал эми аны колхоз-совхоздордо бакканга кеткен чыгым төрт миң рубль болгон. 

Кыргызстанда 504 колхоз, совхоздор бар эле, ар бир колхоз,совхоздордо маяна алып кол жоорутпай иштеген көптөгөн вакансиялар боло турган. Мейли, миллионер колхоз, совхоздор өздөрүн-өздөрү багып кетишсин, ал эми көпчүлүк колхоз, совхоздор мамлекеттин мойнуна чап минип, мамлекет каржылап турган.Тешик бюджет менен калган мамлекет булардын барын каржылай алмак эмес. СССР убагында Кыргызстанда койлордун башы он жарым миллионго жеткени менен 1994-жылы жарымысына түшүп калган. Парламент тарабынан айыл чарбасына реформага каршы тикесинен –тик турган. Ооба, көптөгөн жаңы түзүлгөн мамлекеттерде колхоз, совхоздор сакталып калды. Алсак коңшулаш Өзбекстанда колхоз, совхоздор сакталганы менен колхозчулардын ал-ахыбалы “мышык ыйларлык” абалга келип, элдери талаадан машак да тере албай калышкан.Кыргызстанда деле абал оорлоп пахта, тамеки, эт-сүт алуу төмөндөп. 1993 -жылы колхоз, совхоздорго мамлекеттик бюджет тарабынан авансыланып акча берилген. Ошол мезгилде Бекболот Талгарбеков жеңин түрүнүп бул ишке чамынып кирген. Бекболот Талгарбековдун жер реформасы боюнча жайыттан тышкары айыл чарбасына жарактуу жердин  75 пайызы айыл элине бекер 49 жыл мөөнөткө таратылып берилген. Ал эми колхоз, совхоздордун мүлктөрү да бөлүнгөн. Коомчулук бул реформага бут тосуп “Талгарбеков айылды талкаламай болду” деген кеп чыккан. Кыргызстанда айдоо аянты аз гана санда 1 миллион гектардан бир аз ашуун жер бар. Жер бир гана  жерди иштеткендерге берилбестен Бекболот Талгарбековдун реформасы  боюнча калыстык кылынып, бардык айыл элине бирдей кылынып бөлүнүп берилет. Жер үлүштөрүн иштегендер да,иштебегендер да, наристелер да, пенсионерлер да, мугалимдер да, дарыгерлер да бирдей алышкан. Канча өлчөмдө жер үлүштөрүн алары, ошол колхоз, совхоздордун жерине байланыштуу болгон. Жерди бөлүштүрүү тынч болуп өткөн. Ушул жерде Бекболот Талгарбековдун реформасынын бир кемчилиги оркоюп көрүнүп турат. Жерди бөлгөн соң майдалап ар кимге бөлүп жибербей кооперативдерди ошондо эле колхоз, совхоздор бөлүнөр менен түзсө болмок. Жерди иштеткендер, мал баккандар, баягы эле алдым-жуттум жетекчилер жакшы жерлерге,жакшы сарайларга, жакшы техникага ээ болушуп, көпчүлүк тишинин кирин соруп кала берди. Баягыдай жардам бере турган колхоз, совхоздор жок, айыл элинин бай, кедейге бөлүнүүсү башталды. Ал эми канчалаган жылдар өтсө да кооперативдерди уюштурабыз деген кеп натыйжасы жок калды. Жеген токочтору жоктор жерлерин сатып да бүтүштү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями