www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эл кызуу кандуулукка алдырып, бир топ аттуу-баштуу чиновниктерди сабады», - деди бүгүн, 25-мартта NazarNews малымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.

- Эсенгул мырза, 24-март Кыргызстандагы биринчи революция болгон күн. Бул күн эсиңизде эмнеси менен калды?

- 2005-жылы 24-мартта эл бардык региондордо толкуп, Ала-Тоо аянтына миңдеген эл келгени менен эсимде калды. Эмнегедир президент аянтка чыгып, эл менен сүйлөшөт деген ойдо болгом. Себеби, өлкө башчысы качып кетет деген ой эч кимибиздин оюбузга келген эмес. Тилекке каршы, президент качып кетти. Эл кызуу кандуулукка алдырып, бир топ аттуу-баштуу чиновниктерди сабады. Элдин арасынан «Ак үйдү» каракчылык ыкмада өрттөп тоногондору болду. Өкүнүчтүүсү, кийинки 2010-жылкы төңкөрүштө дагы, 5-6-октябрь дагы бийлик алмашууда дагы бул жат көрүнүш кайталанып «Ак үй» өрттөлүп, тонолду.

Биздин келечегибиз жаштар деп үмүт кылып сыймыктанып жүрсөк, өз үйүм, өз өлкөм дебестен эч аёсуз тоноп, өрттөгөндөр болду. Алар талкалап өрттөгөн имарат кайра эле элдин мойнунан, бюджеттеги каражаттан оңдолуп келгенин эске алышса жакшы болот эле. Массалык маалымат каражаттарынан жаштарыбыз бийликти кетирдик, бирок кыймылсыз мүлккө зыян келтирип, туура эмес кылыптырбыз деп мойнуна алып сүйлөшсө, кийинки муундагы жаштарыбыз андай жат көрүнүштөн алыс болот беле деп ойлойм.

- 2005-жылдагы революциядан кийин революция жасоо өнөкөткө айланып калган жокпу?

- Тилекке каршы, нааразычылык пайда болсо эле, жанагы жөн жата албаган бийликсиз жашай албагандар, көшөгө артында элди көкүтүп бийликти кетиргенге куштар болуп, бийлик алмаштырууну өнөкөткө айлантып алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости