www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан кыргыз жүк ташуучуларына алардын аймагына кириши үчүн кошумча төлөм киргизди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев бүгүн, 25-марттагы жыйында билдирди.

Депутат өзүнө Баткен облусунун айдоочулары, тагыраагы, Өзбекстандан жүк ташуу менен алектенген ташуучулар кайрылышканын айтты.

«Буга чейин алар биздин Бажыга 600 сом төлөшкөн. Ал эми 2021-жылдын 14-мартынан тарта өзбек тарап биздин жүк ташуучулар үчүн кошумча 30 доллар киргизди. Ошол эле учурда Өзбекстандын жүк ташуучулары биздин тарапка да, өз тарабына да эч нерсе төлөбөйт. Эмне үчүн алар бир тараптуу төлөп жаткандыгын тактап, бул маселени чечүүнү өтүнөм», - деди эл өкүлү.

Сайдолимжон Жураев өкмөттөн бул төлөмдү жокко чыгарууну талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости