www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсенгул Өмүралиев дүйнө салды

68 жаш курагында коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев дүйнө салды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, маркум узак убакыттан бери катуу ооруп жүргөн.

Эсенгул Өмүралиев 1950-жылы Ысык-Көл облусунда Тоң айылында туулган. Фрунзе Политехникалык институтун бүтүргөн соң Электро-механика илимий изилдөө институтунда бир нече жыл иштеген.

Кыргызстандын эгемендик жылдарында бир нече жолу министрлик, эки ирет вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты жана Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген.

2016-жылга чейин Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп эмгектенген.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 27-февралда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт. Сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат деп билдирет Azattyk үналгысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости