www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле төкмө акын өзүнүн күйөрмандарын, шакирттерин, жазма жана төкмө акындарды чогултуп "Ырперия" аттуу кечесин өткөргөн эле. Мына ушул кечеге барып, көңүлү толбой келген адамдар Элмирбек мырзаны ары-бери жагынан чыгып мазактап, сындап бүтө албай жатышкан маалы. Алардын бири эркин журналист, публицист Мелис Арып-Бек өз оюн төмөндөгүчө билдирди:

"Элмирбек Иманалиевди жактаган адвокаттарга жооп...

Мен мындан үч күн мурун Элмирбек төкмө акындын “Ырперия” атуу кечеси бойунча ой пикиримди “Өз күйдүрүп жат сүйдүрүп айтат” – деп жазгамын. Ошону айрымдар жакшылап окубастан, мени каалагандай каралап, ызылдашып чыгышты. Албетте, беш кол тэң эмес. Ар кимдин өздөрүнүн денгээлине, түшүнүгүнө жараша ой жүгүртүсү бар. Ал табигый мыйзам чемедүү көрүнүш. Биринчиден, мен залкар төкмө акын Элмирбек инимди атайын каралап, мазактап жазганым жок. Болгону, Элмирбек жумурай журт арасында башы Ала Тоонун ак калпагындай көрүнгөн көпкырдуу Атуул. Болгондо да, өз элинин уңгубашатын жакшы билген, Тэңиркутун сезип, терээң түшүнгөн мекенчил Атуул! Ал тарбия-таалим берген чыгаан шакирттери бар, Тэңирчилик демек Кыргызчылык жолунда жүргөн, кыргыздын улук Уңгубашатына үндөгөн төкмө акындары бар! Андыктан... Андыктан, Элмирбектин арбир кадамы, баскан-турган турпаты, сүйлөгөнү, кийингени да өзүнүн талантына жараша айкашып бийик болушу абзел. Туурабы? Элмирбектин ыркечесине, көпчүлүк анын күйөөрмандары, анын көпкырдуу жана көпсырдуу талантына куштарланып, кумарланып келишкен. Андыктан, Элмирбекти төкмө акын катары, аны комузу жок элестетүү эч болбойт. Элмирбектин дөөлөт куту, колдоочуусу, албетте, анын үч кылдуу, миңсырдуу комузу. Ошондуктан... Ошондуктан, Элмирбек эл алдына чыкканда, алгач көрөрмандарына комузу менен кайрылып, саламдашып, арзуулашып, анан өзүн жазма акындык сапатын элге ачып берсе болмок. Сахна күнүрт болуп, ыр окугандардын добуштары да жакшы даана угулбай, көлөкөлөр алмашып, көрөрмандарды кыйлаага кыжаалат кылды. Анан, эл эңсеп, кадырлап сүйгөн Элмирбек калпагы жок, комузу жок, көптүстүү кийимчен болуп сахнага акыры чыкты. Анан ырларын чаташтырып, чалачарпыт окуп жатты. Ыгы жок жерден өзүн-өзү кубаттап каткырып койуп. Ырсаптардын ыргагын, чыгын чыгарбай, кыраатын келтирбей окуп жатып, опсуз күлгөнү одоно көрүндү. Чынын айтуу керек, ушундай улутунткан учур көпчүлүктүн көңүлүн көтөрбөй, тескерисинче чөгөрдү. Агерде... Агерде, көпкырдуу талант, курулай каткырып, обу жок күлбөй, бир аз сырдуу болуп, ырларын жеткиликтүү, даамын чыгара окуп, анан элдин паанайын сезе билип, угармандын тамырын таап ыркечесин алпарса жакшы болмок. Мени ушул жагы тынчызтандырды. Демек, мен Элмирбектин жазма акындык талантына доо кетип калбаса экен деп, ойго баттым. Аттиң... Аттиң, Элмирбек андай учурда, убакытты туура пайдаланып, өзүнүн ырларына чыгарган кереметтүү обондор менен айкалыштырса абдан дурус болмок. Атүгүл, ырлары кандай учурда, кантип жаралганын айтып турса да эң сонун болмок. Элмирбек менен угарман-көрмандардын ортосунда тирүү көпүрө түзүлбөй калды. Элге кайрылып, баарлашуу, сырдашуусу болбой калды, атаганат. Төкмө акындан элдин үмүт-тилеги зор эле. Ага суроо узатып, жообун алабыз, сырдашабыз деп эл үмүт этип, күтүштү. Авторго жазылган каттар калды окулбай, муңканып, муңайып... Демек... Демек, Мирлан Самыйкожо Иним! Сен, биринчиден, такшалган алпаруучусун. Экинчиден, сен дагы кайталангыс көпкырдуу талант катары, санжыргалдуу курч акынсың. Мойунга алыш керек. Мындан ары, сценарийин абдан бышырып, арасына жаңылык жана жаңырык киргизишиң керек. Калыптанып калган ыкма арбир акынга эле туура келбейт. Төкмө акын менен жазма акындын кечесин башкача, маанилүү, маңыздуу, маданийаттуу өткөрү ыкмасын ойлонуштуруш керек. Бир дем менен кызыктуу өткүдөй кылып. Элдин ойпикирин, чычалабай эске алышың керек. Же болбосо, андай эмеспи Мирлан Иним? Мен Элмирбектин талантына таазим эткендигимен, анын ыркечеси ойдогудай болбой, бираз чайналып-чарпылып калганына, ичим толбой, өзүнүн бийик төкмө акындык касиетин бийик сыйлагандыгымдан, ал ырларын анчейин бышырбай, бийик денгээлде аны жеткиликтүү окуп, элге жеткирелбай калганына, нааразы болдум. Ушуну мен ачык жазсам эмнеге болбойт? Ал эми, силер болсо, чымынды төөгө айлантып, чынжырдан бошогон дөбөттөрдөн бешбетер, мага жабыла асылганыңарга жол болсун... Элмирбек мага эч капаланып таарынбайт. Таарынса, мага өзү ортомчулары жок эле чалып, айтмак.  Элмирбек мырзадан бир өтүнүч. Кыргыз калкынын даана жаздай Гүлү, жаркыган Күнү, көөнөрбөс кубулжуган үнү болгон Гүлбүбү Орозкул кызы, өзүнүн алгачкы аруу сүйүүсү жөнүндө Ырдастан жаратат деген ойдомун. А балким, жазып жаратып да койгондур. Баарыңарга Бакыттын нуру жаап турсун!"

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости