www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандыкты жеңил алыш үчүн 30 миңдей Кытай мигранттары кыргыз кыздары менен никеге турган Бүгүн бизди ойго салчу маанилүү бир көйгөй тууралуу сөз кылгыбыз келди. Айрым эксперттердин пикирине да орун бердик.
Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына таянсак, чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынын саны 800 миң адамды түзөт экен. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда 640 миң адам, Түркияда 35 миң, АКШда 15 миң, Италияда 5.5 миң, Германияда 5 миң, Кореяда 3.5 миң, Араб эмиратында 3 миң адам эмгектенип жүрөт. Алардын көпчүлүгү аш десе ашка тойбой, иштесе ишке тойбой турган эмгекке жарамдуу жаш курактагы адамдар. Илимдүү, билимдүү, кыргыз элинин өнүп-өсүүсүнө жарыгы тийе турган, экономиканы, ж.б тармактарды көтөрүүгө, заманбап иш алып барууга зор салым кошууга дарамети бар жаштардын саны эмес. Бирок болгон жаштыгын, күчүн, энергияларын чет өлкөгө жумшап, мезгил закымдап учуп барат.
Бишкек ТЭЦиндеги абал бир топ “былыктын” башын ачты. Көрсө, кыргыздар иш таппай тентип жүрсө, Бишке ТЭЦиндеги учурда 200 кытай жараны иштейт экен. Болгондо дагы келишимдин негизинде иштеп, канча айлык аларын керек болсо ТЭЦтин мурунку жеткечилери дагы билбейт экен. ТЭЦтин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу ЖКда какап-чакап “ТЭЦтеги кытай жарандары имаратты модернизациялоо үчүн атайын 1500 кишиге ылайыктап курулган шаарчада турушат. Бул иштер УКМК менен биргеликте жүрөт. Ал эми алардын жарыкка, сууга кеткен чыгымдарын ТЭЦ төлөп берет” деди.
Ал эми депутат Руслан Казакбаев ТЭЦте иштеп жаткан 20 кытай тургунунун айлыгы 8300 доллар экенин айтып, эки жыл ичинде бул сумма 3 миллион долларга жетерин массалык маалымат каражаттары биринен мала бири жазып чыгышты. Мамлекеттик миграция кызматына “өлкөбүздө канча кытай жараны бар? деп кайрылганыбызда “Кыргызстанда чет элдик жумушчуларга 14 миң 750 квота берилген. Квоталардын 11 миң 593үн же 70 пайыздан ашыгын кытай жарандары алган.
Учурда ТЭЦте иштеп жаткан кытайлардын “TBEA” компаниясында иштөөгө 354 кытай жараны уруксат алганын ж.б. биздин өлкөдө иштөөгө уруксат алган кытай жарандары жол оңдоодо, алтын кендерди иштетүүдө иштеп жаткандыктарын, алар канча маяна алары тууралуу маалыматтары жок экенин” белгилешти.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов кыргызстандыктар чет мамлекеттерде мигрант болуп жүргөндө жана жумушсуздук башкы маселе бойдон турганда 30-40 миңге жакын чет элдик жаран Кыргызстанда квотасы жок иштеп жүргөнүн ЖК жыйында белгилеп кетти.
Ал эми акыркы жылдары Кытай менен ири долбоорлорду ишке ашыруу активдүү жүрүп жатканын эске алсак, коңшу өлкөнүн ишкер жана жумушчуларынын Кыргызстанга агылуусуна эч кандай мыйзам тоскоол кыла албайт деген пикир жаратат.
“Деньги и власть” гезити А. Атамбаев жана анын администрациясы кызматтан узашы менен бирге жаңы кадрлары эмес, кытай бизнесмендерин, Жибек Жолун куруу үчүн кытай мамлекетинин стратегиясын ишке ашыруу боюнча долбоорлорду, Кыргыз Республикасынын тоо-кен жанан металлургиялык тармагын кытайларга тапшырып кетти” деп жазып чыгышты. “90-жылдардын башталышынан тарта кытай мигранттары Кыргызстанда күн санап көбөйө баштады. 2013-жылдары алардын саны 90 миңдин тегерегинде болсо, азыр андан эки эсе көп. Жарандыкты жеңил үчүн 30 миңдей кытай мигранттары кыргыз кыздары менен никеге турган. Ал никелерден балдар төрөлүп, улуулары азыр университеттерде билим алып жатышат. Кытай элине каршы пикир айткым келбейт, бирок кыргыз ойлоно турган маселе” деп кыргыз таанучу Мелис Мураталиев күйүп-бышып айтып чыкты.
Руслан Машрапов, “Статус” берүүсүнүн автору: “Бош жаткан жерге ким келбесин, бош калган кызды ким албасын?”
– Кытай мигранттарынын Кыргызстанга агылып келиши өтө деле жакшы эмес. Алардын келип жаткан себептеринин бири – жергиликтүү элдин миграциясы менен да байланыштуу болуш керек. Бош жаткан жерге ким келбесин да, бош калган кызды км албасын? Кыргыз кыздарынын кытайларга тийип жатканы абдан өкүнүчтүү. Муну генетикалык экспанция десе да болот. Кытай улутуннун каны абдан күчтүү. Алар эч качан башка улуттар менен аралашып кеткен эмес. Эми азыр канча кызың миң кыргыз кызын жоготтук десек болот. Бул жаман. Кыздар да эптеп эле эрге тийгенди ойлонбостон, өз улутунун тазалыгын бир аз ойлонушса да жакшы болмок. Эчтеке эмес деп кол шилтеп койгудай көп сандуу улут болбогонубуздан кийин, бул нерсе жүрөгүбүздө болуш керек. Албетте улут катары сакталып калгыбыз келсе. Тилекке каршы, андай аракет көп замандаштырыбызда жокко эсе.
Булак: "Азия news"