www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда өзүн «кудай» жарыялаган Арстан Алай лакап атында «Зима не будет»  деген президентке талапкер бар. Эмне үчүн ага «Зима не будет» деген наам коюшкан, «кудай» болордон мурун эсепчи болом деп кышты эсептеп, элди катуу алдаган. «Эсепчини жут алып» кыштын аягында күн жылып кетсе, быйыл жаз эрте келет, чөр-чарыңарды сата бергиле деп жатып, ага ишенгендер чөп-чарын сатып жиберишип, ошол жылы кыш узакка созулуп, жаз кечигип, кар оор жаап, чөп-чардын бары асмандап, мал кырылып, Тогуз-Торо, Суусамыр, Чаткал, Ат-Башы сыяктуу алыскы жерлерде жут болуп, аларга алыстан чөп ташып,ошондон улам эсепчи Арстан Алайга «Зима не будет» деген наам берилген.

Мурун кыргыз эсепчилери кыш айларын өзгөчө эсептешкен. Эгер кыш айларында эсептен жаңыла турган болушса, мал менен жан сакташкан канчалаган элдин убалына калышмак. Быйылкы жылда жаз кечигип жут болобу, жут болсо жутка алдын-ала даярданыш керектигин билишкен. Эгер жут болбой турган болсо аны эсептешкен. Дайны жок сөздөрдү айтчу эмес.

Ушундай эсепчилердин бири Эсенбай эсепчинин эсептөөсү боюнча ТОКСОН 29- ноябрдан башталып, 11- декабрга чейин түшөт. Бул мезгилде кар жаап катуу ызгаар суук жүрөт. Ишенсе болот 28-ноябрда башталган кар капкара жер бетин аппак кылып, анын ызгаары менен катуу суук болду. Бүгүн гана 30-ноябрда сууктун арты кайта баштады. 22- декабрь эң кыска күн, эгер бул күн тогоолго туш келсе абдан катуу суук болот. Үркөр декабрдан баштап даана көрүнүп, апрелдин орто ченинен баштап көрүнбөй калат. Ай сөзсүз түрдө Үркөр топ жылдызына жакындап, тогошкон учурда жаңырат.

Ай сайын Айдын Үркөр топ жылдызына жакындашуусу "Тогоол" деп аталат. "Тогоол" - бул кыргыз элинин көп жылдык байкоолоруна негизделген өзүнчө бир астрономиялык илими. Тогол жыл сайын бир күнгө туура келбейт, өзгөрүп турат. Тогоол күндөр адамга гана эмес, жан-жаныбарларга да жагымсыз, ал түгүл алар үңкүрлөрүнөн чыгышпайт. Оорулуу адамдар шалдырап, эч нерсеге көңүлү чаппай калганын баамдашат. Айлардын атын "тогоол" аты менен атоо кыргыз элине гана таандык. Эң башкы эсептөө ушул тогоол кандай өттү ошого байланыштуу. Эсенбай эсепчи тогоолдун өтүшү менен келе турган бир айдын кандай болорун алдын-ала көрө билген. Бул жөндөм Эсенбайдын уулу Келдибекте да бир-аз калган. Ал да асманды карап көп нерселерди айткандары туура чыкчу.

Мектепте директору кезинде: “Балдар бүгүн кар жаайт,кам-чомуңарды көрүп алгыла” –деп койчу экен, ошол күнү кар жаачу экен, дагы көп эсепчилигин Келдибек Эсенбаев менен мектепте бирге иштешкен агайлар Шамыркан Бейшеев, Карыпкул Керимкулов, Кермалы Карабалаев, Кеңеш Жапаров сыяктуулардан уккам. Андан көп нерсени үйрөнсө болот эле, бирок азыркы заманда аба-ырайын бир ай мурун билип турган убакта эсепчи болууну деле кажети жоктой. Бирок Арстан Алайдай болуп билбей туруп элдин башын айланткан туура эмес. Бештин айы, бешенең бештен деп, кыргыз беш санатты артыгыраак көргөн. Ушул үчүн бештин айы десе керек. Декабрдын 15 жарыгы «боз кыроо маалы», 15 караңгысы «кара аяз маалы» аталат. Декабрь он биринен тогойт.   

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости