www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Конституциялык кеңеште Жогорку Кеңешке депутат болуп келе тургандардын жаш курагы 25тен жогору болсун сунуш айтылган болчу. “Социалдык Демократтар” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков бул депутат Акылбек Жапаровдун өч алуусу экендигин жазып чыкты.

“Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Конституциялык кеңеште депутаттардын жаш курагын 21ден 25ке көтөрүүнү сунуш айтты.

Албетте анын бул сунушу мага каршы экендигин билдирет. Буга чейин 25 жашка чейинки бир дагы депутат болгон эмес. Менден өч алуу үчүн Конституциядагы бир топ статияларды өзгөртүп эмне кереги бар?  Мындай жол менен мени токтотом деп ойлобоңуз. Акылбек Жапаровдой адамдар менден корккондугунан бизди токтотууга аракет кылып жаткандары биз үчүн жакшы көрүнүш. Корккула”,- деп жазып чыккан Темирлан Султанбеков.

Темирлан Султанбеков учурда 22 жашта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости