www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эшегине жараша тушагы»

Өкмөттүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев жакында адаттагысындай эле кеңири кеңешме өткөрдү. Андагы маселелердин бири болуп- жалпы билим берүү мекемелеринин 2018-2019-окуу жылына даярдыгы тууралуу маселелер каралды.

Кеңешменин жүрүшүндө М. Абылгазиев Талас облусу боюнча өкмөттүн ыйгарымдуу чоңу Марат Мураталиевден Талас областында каттоодон өтпөгөн канча мектеп бар экенин сурап калат. Тигиниси жанында тиешелүү документтер жок экендигин жүйөө кылып, сабакка даярданбай келген окуучудай жер карап мостоет.

Ансыз деле андан башка маселелерге жаны ачып турган премьер-министр: «- Сиз эмне, чай ичкени келдиңизби? – Же компьютер ойногонубу ? Сиз өкмөттүн кеңешмесине келдиңиз. Жаныңызда жок дегенде кагаз же планшет болушу керек. Эгерде дагы бир жолу ушундай болуп келсеңиз, анда залга кирбейсиз» -деген экен.

Өкмөт башчынын бул айтканы боксер Мураталиевге кандай «удар» болгонун биле албадык, бирок, «башчың кандай болсо ашчың деле ошондой болот го?» –деген ой кетти.

Булак: «Айгай-пресс»

Последние новости