www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйөөм сойкуларга барат

Турмушка чыкканыма 2 ай болду. Экинчи турмушум. Башында баары жакшы болчу. Азыр күйөөмдүн мага болгон мамилеси өзгөрдү. Эч көңүл бурбайт, мени менен бирге жатпайт. Сойку кыздарга барып жүргөнүн жакында эле билдим. Мен аны сүйөм. Кантип оң жолго салып, өзүмө каратсам болот?

Тамара Воронцова

Психолог

Урматтуу айым, эмне себептен 2 ай биргелешкен жашоодон кийин күйөөңүз  ушундай мамиле жасап жатканын түшүнүү үчүн көптөгөн суроолорго жооп алуу керек, жөн жерден мындай болушу мүмкүн эмес. Жакшысы  психологго барыңыз, биргеликте себептерин жана чечүү жолдорун карап чыгасыздар.

Ага чейин, эмне үчүн мындай болуп жатат, ал сизге эмне деп айтты, сизди кантип айыптоодо жана башка суроолорго өзүңүз жооп тапканга аракет кылыңыз. Сизге дагы көп суроолор бар экенин айтып өтөйүн.

Башка илимдердей сыяктуу үй-бүлөнүн өзүнүн эрежелери, мыйзамдары болот, мамиле курууну үйрөнүү эч качан кеч эмес. Баарыбызга мектептен сабактарды окутат, кийин кесипти үйрөтөт, бирок, жашоодо маанилүү болгон  үй-бүлө курууну жана баланы кантип тарбиялоо керек экенин эч ким үйрөтпөйт.

Сизге бул нерселерди үйрөнүүгө мезгил келди! Кечиктирбеңиз!

Психологго кайрылып, кеңеш алууну унутпаңыз. Баары жакшы болооруна ишенем!

Булак: "Билесиңби"

Последние новости