www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эскертүү! 20-сентябрдан тарта төрт күнгө Боомдо кыймыл чектелет

Жол тазалоо учурунда ары-бери каттаган автоунаалар үчүн трассанын бир тарабы ачык болору айтылды.

Боом капчыгайында келе жаткан жумада таш кулатуу иштери башталарын "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынан билдирди.

Жолчулар 20-сентябрдан 24-сентябрга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында, тагыраагы, Боом капчыгайында таш кулатуу иштерин жүргүзөт. Мындай иштер таш кулап, кооптуулук жараткан кырдаалды алдын алуу максатында жүргүзүлүп келет.

Аталган иштер күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин болот. Жолду тазалап жатканда ары-бери каттаган автоунаалар үчүн трассанын бир тарабы ачык болору айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости