www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
РФ лидери ШКУ алкагында террорчулукка, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо иштери активдүү жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.
Россия лидери Владимир Путин ШКУнун террорчулукка каршы аймактык түзүмүнүн кадрдык курамына террорчулукту каржылоо жана кирешени адалдаштыруу боюнча адистерди кошууну сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ушу тапта Тажикстандын борбор калаасы Душанбе шаарында ШКУ мамлекет башчыларынын саммити өтүп жатат. Путин иш-чарага видео байланыш аркылуу катышууда.
"ШКУнун алкагындагы кызматташууга келе турган болсок, акчаны адалдоо, террорчулукту каржылоо, элди жапырт кыргынга салган куралдарды таратууга каршы иштеген адистерди тартуу менен террорчулукка каршы аймактык түзүмдөрдүн иш мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жакшы болот деп эсептейбиз", — деди Путин.
Президент Россия ШКУнун 2022-2024-жылдары террорчулукка, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү программасын ишке ашырууда активдүү катышарын айтты. Буга ШКУнун 2023-жылга чейин баңгизаттарга каршы иш-чараларынын планын аткарууга, андан сырткары, 2022-2023-жылдары эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоодо өз ара иштешүүгө да олуттуу салымын кошорун белгиледи.
Булак: NazarNews.kg