www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эстония үч орус дипломатын өлкөнүн "коопсуздугуна шек келтирди" жана "пропаганданы жайылтты" деп айыптап, өлкөдөн чыгарды. Бул тууралуу Эстониянын Тышкы иштер министрлигине таянып РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.
"Эстония Таллиндеги орус элчилигинин Вена конвенциясын бузган үч дипломаттык кызматкерин өлкөдөн чыгарып жатат. Алар Эстониянын коопсуздугуна түздөн-түз шек келтирип, Орусиянын мыйзамсыз аскерий аракеттерин актаган пропаганданы таратышты", — деп Тышкы иштер министрлиги Twitter баракчасында билдирген.
Эске салсак, Орусия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атады.
Булак: NazarNews.kg