www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарында Ак үйдүн катчысы Жен Псаки Украина менен Орусия согушунда Кытайдын Орусияга жардам берерине байланыштуу тынчсызданууларынын жогорку деңгээлде экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Псаки өткөргөн күнүмдүк пресс-жыйынында АКШнын президенти Жо Байден жана Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрөрүн белгиледи.

"Бул сүйлөшүү Байдендин Синин кай тарапта экендигине баа берүүсү үчүн бир мүмкүнчүлүк. Кытайдын айтымына караганда так бир позиция же Орусияга карата эч бир айыптоо жок",- деди Псаки.

Белгилей кетсек, Орусия Украинага аскердик операцияларын 24-февралда баштаган. Ал эми АКШ жана Батыш өлкөлөрү согушка Орусияны күнөлүү деп таап, бир нече санкцияларды жарыялады. Кытай болсо, АКШнын бул аракеттерине бир нече жолу эскертүүлөрдү берип, АКШнын санкция саясатын колдобой тургандыгын маалымдаган. Ал арада АКШ менен Кытайдын жетекчилери дүйнөдөгү акыркы кырдаалдар боюнча телефондо сүйлөшөрүн маалымат булактары билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости