www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европарламент орусиялык жана беларусиялык дипломаттарга жана өкмөт өкүлдөрүнө Брюсселдеги жана Страсбургдагы резиденцияларына кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Европарламенттин төрагасы Роберта Мецола өзүнүн Twitter баракчасында билдирди.

“Бүгүнкү күндө орусиялык жана беларусиялык дипломаттарга жана өкмөт өкүлдөрүнө Европарламентке кирүүгө тыюу салынды. Демократиялык тартипти бузууга аракет кылгандар үчүн Демократия үйүндө орун жок ", - деп жазган Мецола.

15-мартта Евробиримдик Орусияга каршы төртүнчү санкциялар пакетин киргизген. Жаңы санкциялар Орусияга кымбат баалуу буюмдарды, премиум класстагы автоунааларды жана зер буюмдарды жеткирүүгө тыюу салат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости