www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эт же чел эмес Акылбек Түмөнбаев  өз пикири жок лидер

Учурдагы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарына карата коомдо сын-пикирлер абдан көп. Бул чакырылыштын депутаттары өз милдеттерин аткара алышпай, президент Садыр Жапаровдун кол жоолугуна айланышып, кадыры калган жок. Казино мыйзамынын кабыл алышканы, Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп беришкени аркылуу элдин назарынан биротоло калышты. Мындай абал өз кезегинде Жогорку Кеңештин аброюна көлөкө түшүрүп, парламент өз милдетин аткарууда алсыздык кылып, президенттин көзүн караган шалга айландырды. 

Элибизде көч башы кайда барса аягы ошол жакка барат дегендей, өздөрүнүн функционалдуу милдеттерин аткара алышпай жалтаңдык, чабалдык кылып жатышкан депутаттардын көч баштаган лидерлери кимдер деген суроо жаралат? Биз мына ушул 7-чакырылыштын лидерлеринин чама-чаркы кандай экенине кезеги менен саресеп салып көрөлү. Бүгүн депутат Акылбек Түмөнбаев тууралуу сөз болмокчу.

Эт же чел эмес Акылбек Түмөнбаев

Ал эми бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттардын бирикмесинен турган «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек болуп шайланган. Президент Садыр Жапаровдун кудасы. Өмүр бою финансы тармагында эмгектенип келген. Акчанын жытын алыстан сезгендердин катарына кирет. Финполиция, Салык кызматы, Эсеп палатасы сыяктуу жалаң акча жыттанган майлуу жерлерди иштеди.

«Ата Мекен» партиясы менен депутат болууга умтулуп тилеги ишке ашкан эмес. Кудасы Жапаров бийликке келгени тилеги орундалды. Бир мандаттуу №35 Ак-Суу шайлоо округунан акчаны сапырып депутат болду. Учурда Жогорку Кеңештеги эрке депутат. Олуттуу маселе көтөрүп, элдин көңүлүн бурган жан эмес. Ар дайым бийликти жактап, адвокат болгонду жакшы өздөштүргөн. Кадыры калың болбосо да, капчыгы калың байлардын бири. Казино, Кемпир-Абад маселесинде бийликтин позициясын коргоп добуш берген, «күнгө карап таш урбайлы» дегендердин бири десек жарашат. Кыскасы, эт менен челдин ортосундагы, өз үнү, өз пикири жок лидер…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости