www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Этникалык кыргыздар жарандыкты жеңилдетилген түрдө алуу үчүн документтерин 20-июлдан баштап тапшыра алат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Тиешелүү документтерди министрликтин алдындагы Калкты каттоо жана жарандык абалдын актылары департаменти кабыл алат.

Мындай процедураны этникалык кыргыздар, анын ичинде Кыргызстандын аймагында жүргөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдар колдоно алат.

Жакында эле президент Садыр Жапаров "Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын КР жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу" жарлыкка кол койгон.

Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости