www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизинен ооганстандыктар коңшу Иран жана Пакистанга кире качууда. Ал эми Иран аркылуу Түркияга мыйзамсыз өткөн ооганстандыктардын саны жыл сайын эселеп өсүүдө. Бул тууралуу Түркиядагы Качкындар жана миграция изилдөө борборунун башчысы Метин Чорабатыр билдирди. 

Анын маалыматына караганда, "Талибан" кыймылы Ооганстанда үстөмдүк кылат деп корккон мамлекеттик кызматкерлер бир топ убакыттан бери Түркияга келүүнүн жолдорун издешүүдө.

--"Расмий Кабул Талибан кыймылына туруштук бере албай калат деген кооптонуу бар. Бул кырдаал жарандарды өлкөдөн качууга түртүп жатат. Алардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, студенттер жана жогорку даражадагы аткаминерлер да бар", - деди Чорабатыр.

Ал буга чейин ооганстандыктар жеңил унаа менен Түркияга өтүп, андан ары Европага бет алганын кошумчалады. Ал эми акыркы жылдары болсо Ооганстандан мыйзамсыз кирген качкындар көбөйгөн.

Анткен менен медициналык туризм, турак-жай сатып алуу же жогорку билим алуу сыяктуу альтернативдүү жолдор менен Ооганстандан Түркияга виза алып кирген жарандардын саны өтө аз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости