www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө суу сактагыч менен жаңы канал курулат

Министрлер кабинети Бурулдай суу сактагычын жана айланма экинчи Чүй каналын куруп, ошондой эле Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүүнү пландап жатат.

Бул тууралуу 15-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Чоң Чүй каналынын бүткөрүлө элек магистралдык каналдарын жеринде көргөн учурда белгилүү болду.

Эми Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги суу объектилеринин долбоордук-сметалык документтерин даярдашы керек.

Чүй облусунда сугат суу жетишпей, дыйкандар эмгеги текке кеткенин айтып келатышат. Алар суу бөлүштүрүүдө башаламандык болуп, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөй жатканына арызданышкан.

Жыйынтыгында Чүйдөгү мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Руслан Девяткулов кызматынан алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости