www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык Валюта фонду дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн божомолун 5,9% төмөндөттү. Июлда финансылык институттун божомолу 6% болчу. 12-октябрда чыккан докладда пандемиядан улам Азиядагы өнөр жай хабдарында товарлар менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганы, вакциналардын жакыр жана бай мамлекеттер ортосунда адилеттүү бөлүштүрүлбөгөнү белгиленген.

“Глобалдык экономиканын калыбына келүүсү жайырак жүрүүдө”, - деп билдирди фонддун изилдөө бөлүмүнүн директору Гита Гопинат.

Бай мамлекеттердин калкынын 60% жакыны толук эмделген болсо, жакыр өлкөлөрдө 4% гана вакцинанын эки дозасын алды.

Гопинат экономикадагы өсүү божомолундагы чоң айырма “өтө кооптуу” деп кошумчалады.

Докладга ири державалардын жана башка өлкөлөрдүн экономикалык божомолдору камтылган. Фонддун божомолунда өнүккөн өлкөлөрдө өндүрүштүн көлөмү пандемияда учураган жоготууларды эмки жылга чейин калыбына келтирип, 2024-жылга карай пандемияга чейинки өсүштөн ашышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости