www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек, Ош жана облустук деңгээлдеги шаарлардын мэрлерин, ошондой эле акимдерди президент дайындасын деп сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Жыйында «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралган.
«Президенттин дайындоодон башка маанилүү иштери бар. Ал акимдерди дагы дайындап, иш убактысын текке кетирбейби? Биздин «домком» менен көйгөй бар. Анын жашы улгайып калган жана иштегиси келбейт. Алмаштыргыла деп жатат. Мен аны чыдарп турууну суранып жатам. Себеби жакында президент «домкомдорду» дагы дайындап баштайт», - деди депутат Евгения Строкова.
Айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов мындай сунуш системаны өлтүрбөй турганын, тескерисинче эффективдүүлүгүн жогорулатарын айтты.
«Президент акимдерди резервдеги кадрлардын ичинен дайындайт. Акимдер райондук деңгээлдеги мэрлерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын дайындайт. Алар дагы резервдеги кадрлардын ичинен тандалат. Муну менен өз ишинин профессионалдары келет», - деди Шерипов.
Булак: NazarNews.kg