www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башыга логистикалык борбор куруу боюнча алабарман өкмөт башчысы М. Абылгазиев демилге көтөрүп, Үзөңгү-Куушту үзүп берген олигарх Аскар Салымбеков лыпылдай баштады. Чынында, Орусия, Казакстан тарапка курулган логистикалык борборлор өз жемишин бере баштады. Бул логистикалык борборлорго дыйкан-фермерлер өндүргөн азык-түлүктөрүн, ишкерлер продукциясын алып келишип, ортодо эки жактан эптеп жешип күн көрүшкөн алып сатар –ортомчулар азайды. Муну Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда курулуп, иштеп жатышкан логистикалык борборлор далилдейт. Бирок Кытайга логистикалык борборун ачуудан сактанышыбыз керек. Себеби, Кытай менен ШКУ боюнча жамаатташ болгонубуз менен, ШКУну Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана башка мурунку советтик республикалар стратегиялык өнөктөш катары көрүшөт.Ал эми Кытай ШКУну экономикалык жактан өнөктөш кылып, бажылар эркин болушун ойлойт. Биздин мындай өнөктөштөрүбүз бар, ал ЕврАзЭС же Бажы Биримдиги, бул өнөктөштөр менен экономикалык жактан тыгыз байланыштабыз, ал эмес Бажылар тараптан өтүшүбүз жеңилдетилген шартта каралып турат. Кокус, Кытайга ушундай шарттарды түзсөк эртең бир жарым миллиард кытайлыктар каптап кетпейби?

Кытай инвестициясы Кыргызстанда

Кытай тууралуу болуп жаткан уу-дуу кептер боюнча мындай, биз кытай менен ШКУ тараптан өнөктөш бологондуктан, анча-мынча ушакка ишене бериштин кереги жок.кенен түшүндүрмө берди.  Кытай башкы инвесторлорубуздун бири болуп саналат. Бүгүнкү күнү кытай ишканаларынын саны 397ни түзөт, мындан тышкары 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2019-жылы – 3,8 млрд сомду (2018-жылга салыштырмалуу өсүү 20%) түзгөн. Кытай Өкмөтү Кыргыз Республикасына ири гранттык жардам көрсөтүп келет, алар биринчи кезекте өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана кыргыз элинин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган. Атап айтканда, кеп жол инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык обьектилерди куруу тууралуу болуп жатат. Бишкек шаарында жолдорду реконструкциялоо жана курууга 100 млн АКШ долларынын тегерегинде каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, Ош шаарында 26,4 млн АКШ долларына бааланган заманбап оорукана комплекси курулган. Ошондой эле баасы 32 млн АКШ доллары турган ирригациялык тутумду өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Коомчулукта айтылган терс көз караштар

Официалдуу маалыматтар боюнча 2019 - жылы Кыргызстандын аймагына 35 миң 215 КЭР жараны келген (2018-жылга салыштырмалуу азаюу байкалууда – 41 307 жаран), ошол эле учурда Кыргыз Республикасынан 34 миң 436 КЭР жараны (2018-жылы – 40 690 жаран) чыгып кеткен.

Ошондой эле 2019-жылы республикабыздын аймагында катталган Кытай жарандарынын саны 24 миң 836 адамды (алардын ичинен 25 Кытай жараны КР аймагында жашоого уруксат алган) түзгөн. Мындан тышкары акыркы 10 жылда Кыргыз Республикасынын жарандыгын 268 Кытай жараны алган, алардын ичинде 171 – этникалык кыргыз, 72 – этникалык уйгур, 9 – өзбек, 6 – кытай, 9 – дунган жана 1 – казак бар.

Акыркы мезгилдерде коомчулукта бизде Кытай жарандарынын жүрүүсүнө тийиштүү жана Кытай жарандары тарабынан Кыргызстанды экспанциялоо жүрүп жатат деген сыяктуу ар кыл маалыматтар таркатылууда. Айрым билдирүүлөрдө эгерде Кыргыз Республикасы Кытайга болгон карыздан кутулбаса, өлкө аймагынын бөлүгүн берүүгө мажбур болот деп айтылууда. Бул чындыкка жатпайт, мындай келишим жок жана болуусу мүмкүн эмес. Бул теманы биздин эки тараптуу мамилелерге зыян келтирүүгө аракеттенген адамдар жайылтууда. Быйылкы жылы биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 28 жыл толгондугун белгилейбиз. Бул жылдар аралыгында биздин өлкө үчүн Кытай ишенимдүү өнөктөш жана жакын коңшулук мамиледеги өлкө болду. Кыска мезгил аралыгында биз мамилелерибизди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарууга жетиштик. Кыргызстандын эгемендүү жылдарында Кытай бизге ар дайым колдоо көрсөтүп келүүдө, мунун ичинде кайтарымсыз жардамдар да бар. Азыркы кезде мамлекеттик долбоорлорго кытай инвестицияларынын жалпы көлөмү 2,1 млрд АКШ долларын түздү, аталган каражаттар жол инфрастуктурасын жана энергетикалык секторду жакшыртууга багытталды.

Социалдык тармактардагы чагымга алдырган чакырыктардын жайылтылышы боюнча аракеттер жана түрдүү акциялардын баары мыйзамсыз жана бул өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга багытталып турат. Деструктивдүү мүнөздөгү жалган маалыматтарга алдырбайлы, Бирок ШКУ жагынан гана өнөктөш Кытай тарапка логистикалык борбор куруудан сактана турушубуз керек.

Кытайдын Кыргызстанды экспанциялоо мүмкүнчүлүгү барбы?

1983-жылы 1-сентябрда СССР АКШтын «Боинг» самолетун Түштүк Кореяда атып түшүрөт. НАТОго жооп кылып, Андропов: «Эгер согушка даяр болсоңор, биз да даярбыз»-дейт. СССР Коргоо министри Устинов Советтик Армияны согуштук даярдыкка алып келет. Биз анда Германияда Берлинге жакын полкто болчубуз, рота командири Сергей Раев майда командирлерди чогултуп: «Дүйнөлүк үчүнчү согуш башталганы турат. НАТО соцмамлекеттерди тегеректеп армиясын согуштук даярдыкта кармап турат. Кытай да аларга кошулуп аскерин алып чыкты. Бул согуш башталса ядролук куралдар ишке кирип, жер огунан чыгышы мүмкүн» - деген. Германияда жүрсөк да Кытай Кыргызстанга кол салса эмне болот деген сарсанаа болгон. Ал кезде Кытай СССРге душман болчу.

СССР тараган соң Кытайдын Төртүнчү бөлүмүнө биздин алкы бузук Шадиевке окшогондор чек араны такташ үчүн Үзөңгү –Кууш, Хан- Теңирдин үчтөн бирин тартуулашты. Кытай, Орусия, Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер ШКУга (ШОС) бирикти. ШКУну Орусия стратегиялык аймак катары карагысы келсе, Кытай экономикалык бирдикте көргүсү келет. Эл аралык келишимдер боюнча Кытай Кыргызстан менен достук мамиледе. Ушуга таянып кытайлыктар кызматташабыз деп Кыргызстанга инвестицияларын алып келүүдө. Кытай кокус эл аралык Келишимдерди бузуп Кыргызстанга кол сала турган болсо, «өз көрүн» өзү казканы:

1. Кытай эл аралык күчтүү державага айланган сайын, Кытайды бөлүү тууралуу пландар аркылуу, жети мамлекетке бөлүнүшү мүмкүн;

2. «Мүйүздүү болом деп, кулагынан айрылыптыр» -дегендей Кытай бизге кол салса, биринчи Борбордук Азиянын беш мамлекети бир муштумга биригет, Орусия скиф менен мусулмандардан куралган, Орусия жардамга кол сунат. Бүт дүйнөнүн мусулман мамлекеттери мунайзат менен согушкерлердин уюгуна айланган. Чечен, араб, афган согушкерлери эч кимден суранбай эле кытайлыктарга каршы чыгат. 1 млрд 350 млн Кытайга 1 жарым млрд мусулман коомчулугу туруп, Кытай Син-Цзян-Уйгурунан айрылып калышы мүмкүн.

3. 120 млн Япония Кытайга тарттырып ийген аралдарын кайта ала баштайт.

4. Индия, Непалга таянып Тибет козголуп чыгат.

5. Батыш Кытайды Каспийди көздөй үгүттөп, бүгүн кайраштырып жатат. Байыркы заманда Кытайдын аймагы Каспийге чейин созулуп жатчу экен. Ошонун картасын түзүп алып Ангела Меркель Бээжинге алып барды. Бээжин аны билет, Каспийге чейинки аймакты өзүнүкү деп эсептейт. Батыш үчүн 5 мамлекеттен куралган Борбордук Азия коркунучтуу эмес, Батыш үчүн Кытай коркунуч жаратат. Эгер Кытай козголсо Батыш Кытайды бөлүш үчүн катуу ишке киришет.

6. Орусия оор кырдаалдарда, Шиберде, орус ээлеп келген оор басырыктуу жерлерде «Чайн-Таундар» жайнап баратат. Орусиянын мыйзамы боюнча ким көп балалуу болсо, ага колдоо көрсөтүлөт. Бир баладан ашык балага тыюу салынган кытайлыктар үчүн, бул өтө жагымдуулукту туудурат. Орусия кытайлыктардын жыбырап кумурскадай жайнашына шарт түзөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости