www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камактагы ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1 тергөө абагында өзүнө карата кысым жок экенин, буга чейинки камерадагы түнкү тинтүү системалык кемчилик деп эсептейт. Бул тууралуу саясатчы адвокатынын жардамы аркылуу “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Равшан Жээнбеков тергөө жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүү сунушу болгонун билдирген.

“Атамбаевге каршы көрсөтмө бериңиз, үй камагына чыгаралы деген сунуш болду. Мен, саясий компромиске бара аларымды, бирок жалган көрсөтмө берип, ар-намысымды сата албасымды айтып, баш тарттым”-деп билдирген ал.

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбековду 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаган. Ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулган.

Ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакыртылган. Жээнбековдун тарапкерлери ал Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат.

26-декабрда Бишкек шаардык соту Жээнбековду 9-февралга чейин камакта калтырган. Ал азыр №1 тергөө абагында камалып турат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости