www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Мусулмандардын жери болгон Палестина 16-кылымдын башынан 1918-жылга чейин Осман империясына карай турган. 1897-жылы еврейлердин массондук уюму түзүлүп, байыркы жери Палестинаны алыш үчүн баш кошо баштайт. 1948-жылы  Израиль мамлекети түзүлүп, 1967-жылдан Палестинага каршы согуш башталат. “Эгер жер жүзүндө тозок бар болсо, ал Газадагы мусулман балдардын жашоосу» -деген саясатчынын сөзү ааламга тарап жатканда, кечээ Израилдин аба күчтөрү Газа тилкесине кайрадан сокку урушту. Израилдин НАТОго таянып алышып арабдарды муунтуп жатканы белгилүү. Ислам дининдеги жана иудаизмдеги эң ыйык жайлар жайгашкан Чыгыш Иерусалимдин статусу узак жылдардан бери еврей менен палестиналыктардын карама-каршылыгына себеп болуп келатат. Аймактагы акыркы кагылышууларга еврей тургундардын отурукташуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн палестиналык үй-бүлөлөрдү Чыгыш Иерусалимдеги конуштардан көчүрүү тууралуу соттун чечими себеп болгон.

 Өткөн май айында жаңжаал өтө күчөп кеткен. Дүйнөлүк мамлекеттердин кийлигишүүсү менен бул жаңжаал убактылуу токтоп турган. Газа секторунда Израил жана палестиналыктар ортосундагы куралдуу жаңжал кайрадан курчуп турат. Май айында аймакта кырдаал курчуп, 11 күнгө созулган куралдуу жаңжалда, Газанын бийлиги маалымдагандай, 260 киши, арасында согушкерлер өлгөн. Израил тарапта 13 киши, ичинде бир жоокер Газадан атылган ракеталардан окко учканын жөөт армиясы билдирген.

Израилдин аба күчтөрү 16-июнда Газа тилкесине сокку урушту. Анын алдында палестин аймагындагы согушкерлер Израилдин түштүк тарабына күйүүчү зат толтурулган шарларды учурушканын, натыйжада 20 чакты жерде өрт тутанганын жөөт армиясы билдирди. Бул - май айында аймактагы эскалация токтогондон кийинки биринчи сокку болду. АФП агенттиги палестиналык булактарга шилтеме кылып жөөт аба күчтөрү эки миллиондой киши жашаган Хан Юнус шаарынын жанындагы кеминде бир жайга сокку урушканын кабарлады.Израиль Коргоо министрлиги “ХАМАС террордук уюмунун аскердик объектилери” бутага алынганын маалымдады. Мекеме “террорчулардын Хан Юнустагы штабына" сокку урулганын кошумчалап, бирок жабыркагандар тууралуу билдирген жок. Анын алдында, шейшембиде ашынган улутчулдар оккупацияланган Чыгыш Иерусалимде жүрүшкө чыгышкан, айрымдары “арабдарга өлүм” деп ураан чакырып жатышты. Палестиналыктар муну провокация катары сыпаттап, "Фатах" жана ХАМАС уюмдары Газада жана Израил басып алган Иордан дарыясынын батыш жээгинде “каардануу күнүн” өткөрүүгө үндөштү.

2021-жылдын 12-майында Газанын саламаттык сактоо мекемеси отуздан ашык палестиналык мерт болгонун, алардын ону балдар экенин кабарлаган. Эки күн мурун башталган куралдуу жаңжалда жалпысынан 200дөн ашык палестиндиктер жараат алган. Ал эми израилдик аскерлер тилкеге чабуул учурунда жыйырмадай палестиналык согушкер өлтүрүлгөнүн расмий ырасташты. ХАМАС жана "Ислам жихады" тобу еврейлер жашаган аймакты ракеталар менен аткылаган учурда жети израилдик мерт болуп, ондогон тургун жараат алган. Өз кезегинде Израилдин армиясы палестиналыктардын 100дөн ашык объектисине чабуул койду. Алардын бир нечеси адамдар жашаган имараттарга жакын жайгашкан. Израил менен Палестинадагы Хамас тобунун ортосундагы соңку жаңжал 2014-жылдан бери эң ири кагылыш болуп калды. Акыркы күндөрү Израилдин аймагында жашаган араб азчылыктары палестиналыктарга тилектештигин билдирип чыгышты. Алар Израилдин бийлиги экинчи сорттогу адамдар катары мамиле кыларын айтышууда. Лод, Тель-Авивдин четиндеги Бен-Гурион аэропортунун айланасындагы арабдар жана еврейлер аралаш жашаган райондордо кырдаал күчөдү.

Ал эми 14-майда Израилдин аскер күчтөрү Газа тилкесине артиллериялык жана абадан сокку урган. Мындай аракетти тилкедеги ХАМАС тобунун ракеталык чабуулуна каршы жооп катары түшүндүргөн. Чабуулга 160га жакын учак катышып, 40 мүнөттөй 150дөн ашык обьектке сокку урган.  Бул өлкөнүн армиясы артиллериялык жана абадан соккулар ХАМАС тобуна каршы операциянын бир бөлүгү экенин кабарлап, бирок кийинчерек жөө аскерлери Газа тилкесине кирбегенин билдирген. Израилдеги араб жана еврейлер аралаш жашаган калктуу конуштарда тиреш күчөп, бир нече адам сабалган. Израилдин коргоо министри Бенни Ганц өлкө ичиндеги коомдук тартипти жөнгө салуу үчүн коопсуздук күчтөрүн күчөтүлгөн режимге өткөргөн.

Израил менен ХАМАС тобу Мисирдин арачылыгы менен ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен. Муну менен 11 күнгө созулган Газа тилкеси менен Израилдеги куралдуу жаңжал токтошу керек эле. 21-майда жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 2де күчүнө кирген элдешүүдөн кийин Газа тилкесиндеги палестиналыктар көчөгө чыгып, ХАМАС тобунун жогору жетекчилеринин бири Халил аль-Хайя эл алдында сүйлөп жатып, “бул жеңиштин эйфориясы” деп билдирген. Ал тилкедеги Израилдин абадан урган соккулары кыйраткан үйлөрдү калыбына келтирүүгө убада берген.

Ал эми Израилдин Коопсуздук кеңеши ага чейин Мисирдин ортомчулугу менен “эки тараптуу жана шартсыз” түрдө элдешүү чечимин бир добуштан колдогонун, бирок аны аткаруу мөөнөтү макулдашыла электигин билдирген. Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС жана “Ислам жихады” ок атууну токтотууну макулдашканын билдирүү таратуу менен ырастаган.

Дипломатиялык чөйрөдөгү булактардын айтымында, ортомчу болгон Мисирдин делегациясы Израил менен Палестинанын аймагына жөнөтүлөт. Алар ок атпоо келишиминин аткарылышына көз салмак эле. Израил Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС тобуна мүмкүн болушунча көбүрөөк сокку урууну көздөп жатат деп божомолдонгон. ХАМАС өз кезегинде Израилге карай миңдеген ракета аткан. Израил менен Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобунун ортосундагы куралдуу жаңжал соңку жылдардагы ири чатакка айланды. Эки тарап бири-бирин ракета менен аткылап жаткан чакта Израилдеги араб жана жөөттөр кагылышып, бир нече турак жай, дүкөндөр талкаланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы ок атууну токтотууга чакырган эле. Баш катчы бул чатакта жайкын тургундар, анын ичинде балдар набыт кетип жатканына көңүл буруп, “Эгер жер жүзүндө тозок бар болсо, ал Газадагы балдардын жашоосу. Жаңжал дароо токтотулушу керек” деп билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости