www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппараттагы мурунку чиновник кармалды

Мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу иштеринин алкагында Президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку орун басары кармалды. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда билдирди.

Сөз Алмамбет Салиев тууралуу болуп жатат.

«Такталгандай, Алмамбет Салиев Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турганда, жана ошондой эле мурдагы президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, мамлекеттик структураларга зыян келтирген жеке структуралардын кызыкчылыктарын лоббилдеген укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен,

Ошондой эле А.Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде, аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешеси менен салыштырып болбой турган мүлктү сатып алганы аныкталды.

Муну менен катар А.Салиев ушундай жол менен алынган олуттуу каражаттарды көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган.

Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында А.Салиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө», - деп айтылат расмий маалыматта.

Кечээ, 16-июнда мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Алмамбет Салиев кармалып, УКМКнын тергөө жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости